www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктардын дасторконун түркүн азык-түлүккө, жашылча-жемиштерге мол кылган элеттик фермерлер менен дыйкандардын мээнети деги качан акталар экен деген суроонун жообун так берер эч ким жок. Анткени айыл чарбасына жоопкер болгон министрликтен эл биротоло түңүлдү. Түйшүк менен өстүрүлгөн картөшкөнүн таржымалынан кийин ого бетер үмүт үзүлүп дыйкандардын жаактары түйүлдү. Ал эми этин, сүтүн, жүнүн каерге кымбатыраак өткөрөрүн билбей башы маң болгондор эбак тепсендиде калган министрликти унутуп салышкан.

Ошентсе да чейрек кылымдан бери 2,5 миллиард каражатты соргоктой соргон бул тармакты кармап отуруунун зарылдыгы барбы? Эгерде ошол очойгон каражатты жеңилдетилген түрдө фермер, дыйкандарга таратып берсек алда качан бутубузга туруп калбайт белек. Азыр деле айыл чарбасынын “жалкоолоруна” канчалаган акчалар жөн жерден коротулуп жатат дейсиң? Ошону иретке салууга өкмөттүн чамасы жетпей жатканына ич сыйрылып жатпайбы, иттики десе! Мунун бир эле жолу калды, министрликти жоюп салуунун мезгили келди деген.

Дайыма сынды мурчка чылап айткан академик Жамин Акималиевди алып келсек деле майнап чыкпайт. Анткени бул тармакты “айыккыс шишик” каптап кеткен. Тез арада жыйынтык чыгарылбаса сүйрөлгөн министрден майнап жок. Командасын бүтүндөй таркатыш кажет. Ошондо миллиондогон каражат мамлекеттин капчыгында калат. Башка айла-амал калбады окшойт.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости