www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу натыйжалардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыккан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу натыйжалардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант №TF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 13-декабрында кабыл алынган. Макулдашуунун максаты — бардык райондук ооруканаларга жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын пилоттук уюмдарына Саламаттыкты сактоодогу Жыйынтыктардын негизинде каржылоо (ЖНК) долбоорунун ишин кеңейтүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости