www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл республика аймагында аңчылыкка тыюу салууну киргизүү Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн камсыз кылуу жана аларды натыйжалуу коргоо үчүн өтө зарыл жана негизги шарттардын бири. Бул тууралуу кнче, 26-октябрда эколог-эксперт Эмил Шүкүров Жогорку Кеңеште өткөн “Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуунун жүрүшүндө билдирди.

Эксперттин айтымында, ача туяктуу жапайы жаныбарлардын саны эң төмөнкү деңгээлге чейин кыскарып кеткен. Бул жагдай эколоиялык системанын бузулушуна алып келет жана илбирстин жашап кетүүсүнө коркунуч туудурат.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында жашыл экономикага өтүү боюнча Жогорку Кеңештин Коомдук кеңешинин ишмердүүлүгүнүн алкагында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын баардык территориясында жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө – аркар-кулжага (Ovis ammon), тоо эчкисине (Capra sibirica), эликке (Capreolus pygargus), маралга (Cervus elaphus asiaticus), каманга (Sus scrofa) аңчылык кылууга мораторий киргизилип жатат деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости