www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Алай районунун акими Замирбек Молдокуловду кызматка дайындоодо анын кесипкөйлүгүнө маани берилген. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу "Азаттыкка" билдирди.

- Бу кишини дайындоодо анын эмгек тажрыйбасы, жамаат менен иштей алаары, Алай районундагы аброю эске алынган. Буга чейинки аким башка ишке өткөнүнө байланыштуу Замир Молдокулов аким кызматына дайындалган.

Алай районунун акими болуп дайындалган Замирбек Молдокулов - президенттик аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиевдин таякеси.

Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын 11-декабрынан тартып иштеп келатат.

2016-жылдан тартып Алай райондук финансы башкармалыгын жетектеп келген Замирбек Молдокулов 25-октябрда аким болуп дайындалып, аны өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов жамаатка тааныштырган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости