www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы кече, 26-октябрда Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты болгон Акылбек Жамангуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Анын мандаты партиялык тизме боюнча Нурбек Тотоновго берилди.
БШК Тотоновго депутаттык күбөлүктү жана төш белгини тапшырды. Эреже боюнча, эми ал парламентте ант берип, кызматына киришет.
Эскерте кетсек, Акылбек Жамангулов 24-октябрда "Мегакомго" жетекчи болуп дайындалган. Башка кызматка которулганына байланыштуу Акылбек Жамангулов ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Нурбек Тотонов Кыргызстандын Оор атлетика боюнча федерациясынын президенти болгон. 41 жашта.
Булак: NazarNews.kg