www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бекен Назаралиев: "Атамбаев тынч жатпай, дагы бир төңкөрүш жасайм десе элдин каргышына калат"
-Бекен байке, сизди экс-президент Алмазбек Атамбаевди, анын бийлигин кескин сындап келген журналист катары билебиз. Ал эми учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду ажолукка ат салышкан күндөн баштап, басма сөздө колдоп келе жатасыз. Атамбаевди катуу сындап, ал эми президент Жээнбеков менен болгон жакын мамилеңизден аны колдоп келатасыз деп түшүнсөк болобу?
— Мен жалгыз эле Атамбаев эмес, президенттер Акаев, Бакиев, Отунбаеваларга ачуу чындыкты айтып келген журналистмин. Өлкө башчысы болгон адам, ошондой эле саясаттын туу чокусунда жүргөн белдүү саясатчылар, депутаттар дайыма журналисттердин бутасында турары белгилүү эмеспи. Менин деле Кыргызстандын катардагы атуулу катары Алмаз Атамбаевге айта турган жаман пикирим, сындай турган сыным, көңүлүмдө кирим деле жок. Жөнөкөй атуул катары Атамбаевдин жеке турмушун жазгым да, үй-бүлөөлүк жашоосуна кийлигишким деле келбейт. Ачыгын айтканда, Атамбаевдин жеке тиричилигине кызыкпайм дагы. Жазган күндө да шопуру Икрамжан Илмияновдой жакшы билбейм. Билбеген нерсени мен эч качан жазбайм. Ал эми саясатчы, президент, коомдук саясый ишмер Атамбаевге өз пикиримди, ачуу чындыкты айтып келгеним бул чындык. Ага конституциялык укугум бар. Бул жылдар ичинде, Атамбаевдин президент катары өлкөбүздү кандай башкарганы анын ийгилиги, кемчилиги туурасында элибиз деле таразалап, сын-пикирин айта турган учур келди го. Жөндөн-жөн асыла бергеним жок.
Ал эми, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду башкарма кезинен бери жакшы билем. Өлкө башчысы катары коррупция менен катуу күрөшүп жатат, ошон үчүн колдоп жатабыз. Түз бараткан жолунан жаза тайып кетсе замандаш, пикирлеш адам катары өз сынымды Жээнбековго да айтууга кудуретим жетет. Сооронбай Шарипович, катуу сын болсо да туура кабыл алганга аракет кылган инсан. Атамбаевдей жеңил, чычалак эмес…
— Сиз үчүн Алмаз Шаршенович, тарыхта кандай президент катары калды деп ойлойсуз?
— Ачыгын айтайынбы?
— Ооба…
— Алмаз Атамбаев президент катары жанын үрөп, эли үчүн маңдай терин төккөн эл оозуна алынган журт атасы боло албады. Жашырганда эмне, Алмаз Атамбаев президенттик мөөнөтүнүн көбүн “сеп” этип алып, резиденцияда жатып Кыргызстанды башкарды. Ошон үчүн анын Ак Үйдөгү кабинетинин жарыгы кээде гана күйчү. Бул деген анын иштебегендигинин белгиси деп түшүнөм. Азыр болсо президенттин иш бөлмөсү саат тогуз, кээде ондорго чейин күйүп турганын көрөсүң. Демек, азыркы ажо иштеп жатат деген сөз. Жатып ичер Алмаз Шаршенович, бийликтин баркын кетирди. Көрсө, Атамбаев бийликке башка максат менен келген тура. Ала-Тоо аянтындагы оппозициянын жалындуу сөздөрүнө алданган жаштардын каны менен бийлик башына капысынан келип калган саясатчы деп түшүнсө болот. Ал Кыргызстанды гүлдөтүп, элдин турмушун оңдоп жиберейин деп бийлик башына келген жок. Атамбаев өзүнүн жеке кызыкчылыгын гана ойлоп, чоң саясатка келип акча жасаганды, андан байыганды гана максат кылып мультимиллионер болгонду кыялданган саясатчы деп билем.
Жаштар жакшы тилек менен өлкөдө өзгөрүү болот деп Ала-Тоо аянтына анын командасын колдоп көчөгө үмүт менен чыгышкан эле. Атамбаевге окшогон эки жүздүү, ууру саясатчылар үчүн алардын жалган сөздөрүнө, айткан жомокторуна ишенип көкүрөктөрүн окко тосушкан. Жыйынтыгы эмне болду? Ала-Тоо аянтында окко учуп шейит кеткен балдардын өмүрүн уурдап кетишти. Жүздөгөн күлгүндөй болгон жаштардын көбү жарым жан майыптарга айланышты, азыр алардын алган жөлөкпулдары дары-дармегине жетпей отурушат. Ошол өз өмүрүн баталгага байлап койгон жаштар Атамбаевге окшогон мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийлик башына келген мафиялык топтун ачык курмандыгы болушту. Ошолордун кыйылган кырчындай өмүрү үчүн бирөөсү кечирим сураштыбы? Жок! Эгерде Атамбаев кетирген катасын сезип, Эгемендүүлүк күнү Ала-Тоо аянтындагы кылкылдап чогулган элдин алдына тизелеп туруп, “Кагылайын кыргыз элим, силер күткөн гүлдөгөн жашоону алып келе албадым. Элдин канын соргон мите курттай болгон өз командамдагы коррупционерлер И. Илмиянов, О. Артыкбаев, А. Шадиев, А. Ибраимов, К. Кулматов, А. Калыев, С. Исаков ж. б. колу шок балдарды бийликке алып келип, чоң жаңылыштык кылыптырмын. Сиздердин үмүтүңүздөрдү актай алган жокмун. Кандай жазага тартсаңар да мен даярмын! Ата-Бейитте берген антыбызды да актай албадык. Бизди кечиргиле!”-деп айтабы деп күттүк эле. Алмаз Шаршенович, ушул күнгө чейин өзүнүн жасаган кыянатчылык иштери үчүн жооп берип, элден кечирим сурай элек. Эң өкүнүчтүүсү, Атамбаев, азыр камалып жаткан коррупционерлерди тили тешилгенче менчик “Апрель” ТВнан актап, өзү аларга башкы адвокат болуп коргоп жатканы өкүндүрөт. Атамбаев такка отурган күндөн баштап, анын коррупционерлерден куралган командасы өлкөнү алты жыл бою тоноп, жеп келишти. Башканы айтпайлы, айлыктан-айлыкка шопурлук кылып эптеп күн өткөргөн шопуру Илмиянов, кыска убакыттын ичинде Кыргызстандагы эң бай, таасирдүү адамдардын катарына теңелип калды. Ошондой эле 7-каналдын бүгүнкү кожоюну Илмиянов экенинин көпчүлүк биле беришпейт. Атамбаевдин ийгилиги ушу… Атамбаев бийликтен кетем дегени үчүн элибиз топук кылып, анын мөөнөтү аяктаганча чыдап беришти.
— Атамбаевге кыйын болгон учурда Илмиянов шефин саткан эмес дешет го. Балким, ошондон Икрамды жанынан кетирбей алып жүрсө керек.
— Анын төркүнү башкада… Атамбаев уялбастан Икрамжан Илмияновду кыргыз элинин залкар инсаны Султан Ибраимовго теңеди. Астапырала, Кудай өзүң сактай көр!”-деп жакаңды кармаган күндөр өттү го. Элдин айтымына караганда ошол улуу урматтуу, атагы таш жарган президенттин шопуру, Атамбаев арак ичип алып кусуп койгондо жийиркенбей эле анын көйнөгүн, кээде шымы жыттанып калса “жалаяк” жуугандай эле жууп коюу боюнча атактуу адис экени айтылып жүрөт. Көртириликтен башканы ойлобогон, бир фирманын шопурундай болгон адамды Султан Ибраимовго теңегени акмакчылык да. Керек болсо Илмиянов эмес, Султан Ибраимовдун алдында Атамбаевдин өзү ким? Асман менен жердей айырмасы бар. Атактуу режиссер Болот Шамшиевге берилбеген «Манас» орденин Атамбаев шопуруна берген эле. Кайсы эмгеги үчүн? Анан Атамбаев шопурун мактабаганда кимди мактайт эле?!
— Атамбаев өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактап, дурус иштегени үчүн бизде революция, төңкөрүш болгон жок десек болобу?
— Бул Атамбаевдин эмгеги эмес. Элибиз да митинг, пикеттерден тажап, тынч жашоону эңсеп калган. Бизде төңкөрүш болбой калганынын себеби, чет өлкөлөрдөн элди көчөгө алып чыкканы акча келген жок, ошон үчүн эле. Ал эми Атамбаевдин убагындагы экономикалык, саясый кризис Акаев, Бакиевдин мезгилинен да күч алды. Атамбаевдин командасы күн өткөн сайын байыганы менен элибиз мезгил өткөн сайын жакырлана берди. Аны жашыруунун кереги жок. Чындыгын айтканда Атамбаев экономикалык өсүштү Бакиевдин мезгилине жеткире алган жок. Кыргыз элинин көпчүлүгү Атамбаевдин коммунизмине, ал айткан жомоктору калп экенине эми ынанып отурушат.
— Бекен байке, сиз Атамбаевди мамлекеттик төңкөрүш жолу менен бийликти өзү басып алган деп айттыңыз…
— Ооба. Орустардын жардамы менен төңкөрүш жасаганы эл арасында айтылып эле жүрөт. Аны өзү деле расмий жыйында, В. Путинди каратып туруп жалпы дүйнө коомчулугуна жар салып, “эки революцияны тең мен жасадым. Менин каражатым менен ишке ашты…”-деп айтпады беле. Генерал Өмүрбек Субаналиев төңкөрүш болгон күнү Атамбаевдин үйүнө барганда ФСБнын балдары аны кайтарып жатканын айтып берген. Эртедир-кечтир Конституциялык түзүлүштү, мыйзамдуу бийликти кандуу жол менен басып алганы үчүн Атамбаев мыйзам алдында жооп берет. Мен буга ишенем… Орустардын жардамы менен мамлекеттүүлүк түзүлүштү бузуп төңкөрүш жасаганын чыккынчылык деп билем.
— Талгарбековдор төңкөрүш жасайбыз дешип өз жообун алышты го…
— Талгарбековдор иштей албаган Атамбаевди элди аянтка алып чыгып алардын кысымы менен ээлеген кызматынан кетүүгө мажбур кылабыз деген максаттары болгон. Андай окуя Арменияда болду го. Талгарбеков, Асановдор Атамбаевдей болуп мамлекеттик төңкөрүшкө даярданган эмес. Мамлекетти төңкөрүш жолу менен басып алабыз деген жалаа менен Б. Талгарбеков, Т. Калматов, Б. Асанов, К. Кадыров, Д. Сарыгулов, Э. Карыбеков ж. б. адамдар түрмөдө камалып жатышат. Ал эми Конституциялык түзүлүштү бузуп, мамлекеттик бийликти кандуу төңкөрүш менен басып алгандардын “ана башчылары” ушул эле Атамбаев өзү эмес беле. Бекболот Талгарбеков менен Бектур Асановдун ж. б. ордуна абакта отура турган Алмаз Атамбаев экени элибизге маалым. Эки ирет мамлекеттик төңкөрүштү жасаган, ошону уюштурган адам катары Атамбаев өзү мыйзам алдында жооп берет деген ойдомун. Орус президенти Путиндин көзүнчө эки ирет бийликти алмаштырганын Атамбаев мактанып, өз оозунан айтканын жалпы элибиз деле укту го. Алмаз Шаршенович бийлик башына келем деп мынчалык оолукпаганда бизде төңкөрүштөр болбойт эле. Кырчындай жигиттерибиз майып болуп, өлүшпөйт да болчу. Эми ошондой колу кан адамга Кыргыз Республикасынын баатыры деген эң жогорку наамды бербей, Атамбаевди камай турган учур да келди деп ачык айтышыбыз керек.
— Мурдагы президент Атамбаев, казак президенти Нурсултан Назарбаев, Ислам Каримов, Владимир Путинди, Түрк президенти Эрдоган жана башка өлкө башчылары менен ажаан аялдардай болуп айтышып чыкты. Дүйнөлүк аренада кыргыз элинин кадырын түшүрдү. Ушуга кандай карайсыз?
— Көрүнүктүү, коомдук саясый ишмер Базарбай Мамбетов ал туурасында: “Атамбаев дагы “Эмне силер Кыргызстандын бүтүндөй каржы маселесин көзөмөлдөгүңөр келип жатабы?”-деп биздин гезитке маек берди. Өзү орус бийлигинен жардам сурап барган адамдын акыл-эси соо болсо, мындай кадамга бармак эмес эле. Бир саат танаписке чыккан учурда Миллердин орун басары мага келип “Бул кишини кайдан таап чыккансыңар?”-деп сурап атпайбы. Атамбаевди орустар бийликке алып келип алып, ал президенттиктен кеткенче айлалары кетти. Эл шайлаган президент Бакиевди кетирип анын ордуна орустардын тапканы ушул Алмаз Атамбаев болгонун өздөрү унутуп калган го. Ал тургай орус президенти Путин да Атамбаевдин жинди кыялынан тажап “Президенттикти тапшырып, кетип калууну айткан жери да бекер жеринен болбосо керек!” Базарбай Мамбетов, “Отунбаева президенттик шайлоого Атамбаев чыгып жатканда, анын ички дүйнөсүн билгенден кийин элге кайрылып, ”Туугандар Атамбаев президенттикке жарабайт” — деп айтышы керек болчу деп айтты.
Б. Мамбетов айткандай, Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаевдин алдында ачуу чындыкты айтууга жарабады. Мен ушул жерден Базарбай Мамбетовго кошулуп кетем. Отунбаева деле Атамбаевдин ким экенин анын ден-соолугу туурасында мандеми бар экенин жакшы билчү. Роза Отунбаева чечкинсиздик кылып, кыргыз элине Атамбаевдин оорукчан экенин, эл арасында айтылып жүргөндөй мектеп жашында Чым-Коргондо дарыланганын, шектүү “ден-соолугу” менен мамлекетти башкарууга жарабай турганын ачык айтып чыга албады. Роза Отунбаева чечкинсиз анан коркоктук кылды. Отунбаева ошол кезде элди ойлобой, Атамбаев менен жеке мамилесин бузгусу келген эмес. Мындан кийинки президенттик шайлоо болор алдында президенттикке койгон ар бир талапкердин ден-соолугун тыкыр карап чыгыш керек. Анткени, Атамбаевден көрдүк го. Кыргыз эли дагы бир Атамбаевге окшогон адамдын бийликке келип калышына чыдабайт. Атамбаевдин өзүн кармай албай, оозуна эмне келсе балп эттирип салмай адаты бар эмеспи. Мисалы, “нарындыктар, малсыңар”, “Ташиев менен Мадумаров түштүктү бөлүп алып, бирөөң президент, экинчиң премьер-министр болуп алгыла”, “Таластын элин Казакстанга өткөрүп салыш керек!”-деп айткандары эл аралап жүрөт. Ушул да соо адамдын, президенттин айтар сөзүбү?
Атамбаевдин ден-соолугунда бир мандеми бар адам деп эл арасында ачык эле айтып жүрүшөт. “Оорукчан президент” өзүнүн ким экенин, 2016-жылы 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө Атамбаев жинди кыялын бир көрсөтүп, “Отунбаева- өзүн-өзү шайлап алган президент!”–деп балп этти. Анда Отунбаеванын колунан бийликти өткөрүп алган Атамбаевдин президенттиги да мыйзамсыз болуп калабы. Ала-Тоо аянтында ар кандай мамлекеттердин биздин республикабыздагы толук ыйгарымдуу элчилери, чакырылган коноктор отурган эле. Жалгыз эле Атамбаев өзү гана эмес, бүт дүйнө жүзүнө кыргыз элин жер каратты. Журт атасы болгон адамдын оозунан чыга турган сөз беле. Алмаз Атамбаев президент эмес эле, көчөдөгү бир “шпананын“ деңгээлине түшүп кетип шерменде болдук го. Бекболот Талгарбеков, “Атамбаев миң жылда бир жаралчу, кыргыз элинин трагедиясына жаралган инсан!”–деп абдан туура айткан. Кээде, ачыткы жыттанган, ойлору чалакайым, ойду тоону сүйлөп, элди бөлүп жарган Атамбаевди президент кылып шайлаганына кыргыз элине деле өкүнүп, силерге чала болот деп кетесиң. Анткени, элиңе жараша президент болот да. Ошон үчүн шордуу элбиз десем жаңылышпайм.
Жакында баш калаабыздагы Алыкул Осмонов атындагы китепканада академик Абдыганы Эркебаевдин 65 жылдыгына карата конференция болуп өттү. Мен да ошол конференцияга катышып отурдум. Жыйындын башталышында Абдыганы Эркебаев сөз алып, сүйлөдү. Академик агайыбыздын сүйлөгөн сөзүнөн, бир үзүндү айта кетүүнү туура көрдүм. Абдыганы Эркебаев өз сөзүндө: “…дүйнөдөгү эң жарды, эң жакыр мамлекет катары Кыргызстан эсептелери белгилүү. Ал тургай КМШ мамлекеттеринин арасында да артта турабыз. Адамдардын, балдардын өлүмү боюнча алдыда турабыз. Ушунча жылдар ичинде мен да ар кандай жогорку кызматтарда иштедим эле, мамлекетти башкарууда жетекчи болдум эле деп кээде өкүнөм. Мамлекетти эмне үчүн ушундай абалга жеткирдик деп ойлоном, көп учурда кейип да кетем. Ушулар туурасында көп ойлоп, көп толгоном… Өзүмдү да айыптуу сезип кетем. Жыйырма жети жылдан бери, Кудай Таала биздин кыргыз элибизге, акылман, даанышман, жакшы падышаны буйрубаптыр,”- деп айтканына баарысы ыраазы болушту. Чыныгы даанышман, элинин эртеңки күнүн ойлогон, Эркебаевдей табиятынан таза инсан гана мындай сөздү айта алат. Ушул кезге чейин, кайсыл саясатчы кетирген кемчилигин мойнуна алып, өз элинен кечирим сурады эле? Эч кимиси… Атамбаев табиятынан талкалоочу адам экенин элибиз деле өз көздөрү менен көрүштү го. Алмаз Шаршенович, бийлик башында турган кыска убакыттын ичинде Кытайдан алган акчага, кыргыз элинин белчесинен карызга батырып коюп, экс-президент болуп кызматтан кетти.
— Ачыкка чыкпаганы менен саясый кырдаал быкшып тургансыйт. Күзүндө Сооронбай Жээнбековго каршы акциялар, пикет, митингдер башталат деген сөздөр байма-бай айтыла башталды. Муну ким уюштурушу мүмкүн…
— Ким уюштурмак эле, баягы эле ызакор, журт бузар Атамбаев да. Өз элин тоноп, уурдап алган акчасы батпай жаткан го. Биздин чалажан экономикабызга дагы бир төңкөрүштүн кереги жок. Мамлекетибиз андай оор жүктү, дагы бир мамлекеттик төңкөрүштү көтөрө албайт. Анда мамлекетибизди жок кылып алабыз. Атамбаев акылына келип, Акаев, Бакиевдей болуп өлкөдөн куулуп кете элегинде тынч жашаса. Ал “уурдаган” акчасы менен төңкөрүш кылам дегени акылсыз адамдын сөзү. Экономикабыздын абалы бул, мындай нерсени кыргыз элинин душманы же акыл сезими жайында эмес, оорукчан гана адам жасашы мүмкүн. Атамбаев тынч жатпай дагы бир төңкөрүштү жасайм десе элдин каргышына калат.
Бүгүн Кыргызстанда өнүгүү, өсүү болуш үчүн тынчтык, стабилдүүлүк керек. Президент болуп турганда Атамбаев кабыл албай, кечээ эле “ууру” деген Равшан Жээнбековго окшогон саясатчыларды бирден чакырып алардын “тамырын” кармап жаткан кези. Алмаз Шаршенович, эски досу Жээнбеков капысынан бир жеринен жаңылып, экономикалык өсүш болбосо, саясатта мүдүрүлүп калса экен деп Кудайдан тилеп отурган чагы. Экс-президент Атамбаев, Жээнбековду анын айтканын эки кылбаган жер көз, жетелеме президент болот деп ойлогон эле. Президент Жээнбеков Атамбаев күткөндөй болгон жок. Сооронбай Жээнбеков сыртынан жоош көрүнгөнү менен чечкиндүү экенин кыска убакытта көрсөтө алды.
— Экс-президент Атамбаев досу Жээнбековго болгон ичкүптүсүн элдин толкуну аркылуу чыгарууну кааласа максаты ишке ашабы?
— Атамбаев өлкөнү карызга батырып коюп, Кой-Таштагы хан сарайында тынч жатпай Сооронбай досунан өч алуунун пландарын түзүп, кекенип отурган кези. Карыз деген мамлекеттин эгемендүүлүгүн жок кылат. Кытайдан алган карыз акчаларды төлөө мөөнөтү көз ачып жумганча эле келип калат. Кантип төлөйбүз деген суроо ар бир кыргыз баласынын жүрөгүн өйүп келет. Кытай деген Россиядай болуп карызды кечип жибере турган мамлекет эмес. Карызга алган акчаларды убагында төлөй албай калган биздин коңшу Тажикстандын бийлиги, азыркы күндө айла жоктон кен-байлыктары жаткан жерлерин берүүгө аргасыз болушууда. Атамбаев президент болуп турган учурда Кытайдан алган карыз акчаларын убагында төлөөгө биздин мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок.
Атамбаевди тынч уктатпай жаткан нерсе, Бишкек ЖЭБиндеги уурдалган өтө чоң суммадагы ачкалар болуп жатат окшойт. Керек болсо Атамбаевдин эң жакын адамдары мурунку эки премьер-министр Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкек шаарынын мэрлери Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов ж. б. камаганга буйрук берүүгө Сооронбай Жээнбековдун духу жетпейт деп ойлошкон эле. Жалгыз эле ТЭЦтен 200 млн доллар акча уурдалган деген маалыматтар азырынча айтылып жатат. Ал эми “Датка-Кемин”, түштүк менен Бишкекти байланыштыра турган альтернативалык авто жолу, Чолпон-Атадагы ат майданы, Улуттук тарых музейи ж.б чоң курулуштарында уурдалган акчалар дагы тыкыр текшерилип жарыкка чыкканы турат. Ошондо Атамбаев жана анын командасынын былыктары жарыкка чыгат. Мындай өтө чоң суммадагы акчаларды уурдоого республиканын баштагы жетекчиси аралашмайын уурдоо мүмкүн эмес эле. Колу туткак атка минерлер батына алышмак эмес. Мен уккан маалыматтарга таянсам жакында ачыкка чыгат го деген ойдомун. Атамбаев ошол маалыматтын элге чыкканынан коркуп жатат.
— Атамбаев өзү элине ак кызмат кылып, бийликти өткөрүп бергенден кийин эмнеден коркмок эле?
— Балекеттин баары ТЭЦтеги өтө чоң суммадагы акчанын уурдалышында болуп жатат. Ал жерде муруңку өлкө башчысы Алмаз Шаршеновичтин өтө чоң суммадагы акчаны уурдоого катыштыгы болсо, анда Атамбаевдин абалы абдан оор болот. Эл арасындагы айтылып жүргөн сөздөр далилденип, ачыкка чыкса Атамбаевдин колуна кишен салынып, Сапар Исаков, Албек Ибраимовдордун жанындагы камерага отуруп калышы мүмкүн деген сөздөр айтылууда.
— Эгер, Сооронбай Жээнбеков досу Атамбаевди аяп камай албай койсочу? Анда эмне болот?..
— Президент катары Сооронбай Жээнбековдун камоого кудурети жетет деп ойлойм. “Коррупцияга катыштыгы болсо жакын досум экенине да карабай, камайм!”- деп айткан сөзүн элибиз да унута элек. Бирок, ТЭЦте уурдалган акчаларга Алмаз Атамбаевдин катыштыгы болсо, эгер досум эле деп Атамбаевди аяп, камабай койсо, анда кыргыз элинин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун өзүнө айта турган сөзү бар. Жээнбеков мындай учурда кыргыз элин же Атамбаевдин тагдырын таразага салып экөөнүн бирөөсүн тандашы керек.
— Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн досу Алмаз Атамбаевди камата алабы? Анткени экс-президент катары анын кол тийбестиги бар да…
— Каматууга кайраты жетет, кыргыз эли да ошону президент Жээнбековдон талап кылат. Эгер Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы эски достугу ойноп кетип, экс-президентке коюлган күнөөлөр далил болуп, Алмаз Атамбаевди президент Жээнбеков каматпай койсо, анда баатыр кыргыз эли Ала-Тоо аянтына чыгып, президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнө проблема жаратат. Анда, эл көчөгө чыгып “Жээнбеков кетсин!” деп талап кыла башташат. Президент Сооронбай Жээнбеков тандай турган бир гана жолу бар. Атамбаевдин уурулугу далилденип, мамлекеттик казынага кол салып, миллиондогон долларды уурдаганы чын болсо азыркы президент мыйзамдуу кадамга барууга аргасыз болот. Кыргыз эли да ошону катуу талап кылат. Ал эми Атамбаевдин уурулугу далилденсе парламент кол тийбестикти алып салуу кемпир шабдалы жегенче иш деп ойлойм.
— Атамбаев ТЭЦтеги миллиондогон долларлар далилденгенче элди көчөгө алып чыгып азыркы бийликти аңтарып жибербейби? Анткени, экс-президент Атамбаевде байлык көп эмеспи…
— Атамбаевде азыр уйку жок. Азыр да кан ичкич жаныбардай кан көксөп турган кези. Атамбаев өзүнүн тар чөйрөсүндөгү адамдарына “Жээнбеков мени сатып кетти, менин ким экенимди ага көрсөтөм. Кимиң президент болсоң, ошонуң бол. Каражатты мен табам… Кызматтан өзүм кетирем!”-деп тиштенип отурат деп биз деле угуп жатабыз. Учуру келгенде, Атамбаевге кыргыз эли, тарыхый кырдаал боюнча өз баасын сөзсүз берет. Жараан катары мен дагы өз пикиримди айта кетейин. Атамбаевди карап турсаң тормузу жок, эл толтура жүргүнчүлөр отурган автобусту айдап бараткан мас айдоочуга окшош. Балекеттин баары биздин маңыроо кыргыз элибизде жатат. Алар “Кыргызстан” деген мамлекетти алты жылга мас айдоочуга башкарууга уруксат беришкен эмес беле.
— Атамбаев жаштар өссүн деп Сапар Исаковду премьер-министрликке чейин көтөрдү. Эми гана Сапар Исаковдун көптөгөн ызы-чууларга аралашканы билинип турат.
— Мындай жооптуу кызматка Сапар Исаковдун тажрыйбасы жок экенине карабастан Атамбаевдин бийликке алып келген арам оюн эми гана билип отурабыз. Бийлик алмашканга жакын эле Сапар Исаков Максим Бакиевдин көлөкөсүндө эле жүргөн адам эле. Кеп башкада тура. Максим Бакиевдин финансалык пирамидасындагы арам жолдорун жакшы билгени үчүн Атамбаев аны жанына тартканы ачыкка чыгып отурат. Бишкекте мамлекеттик төңкөрүш болгон түнү Сапар Исаков Максим Бакиев менен АКШда чогуу жүргөн эле. Биздин гезитке Базарбай Мамбетовдун маеги жарык көрдү. (“Жаңы Ордо” № 30 (603) 5-октябрь 2018-жыл) Мамбетов “Максим Бакиев 2009-жылы Кытайга барганда “Датка”, “Кемин” подстанциялары, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линияны курууга 190 млн долларга сүйлөшсө, Атамбаев 389 млн доллар кылып баалады,” – деп маек берип жатып Атамбаевдин абийирин ачып жатат. Кечээ эле “Максим Бакиев элдин ырыскысын уурдаган!”- деп жүргөн Алмаз Атамбаев өзү уурулугу андан ашкан Сапар Исаковду эң жогорку бийликке алып келип отурат. “Эл айтса, калп айтпайт”- деген кыргыздын укмуш сөзү бар.
— Бакиев өзү деле Атамбаевди премьер-министр кызматына алып келбеди беле.
— Бир районго аким болбогон, облуска губернатор болуп эл башкарып көрбөгөн Атамбаевди, ошол кездеги оппозициянын оозун басыш үчүн президент Курманбек Бакиев чоң бийликке алып келүүгө аргасыз болгон. Ошол кадамы өзүнүн башына муш болду. Жакында Курманбек Бакиев президенттик тактыдан кеткен соң жазган китеби колума тийип калды. Ал китеп, 2015-жылы чыккан экен. Бакиевдин “Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм-Кыргызстаным” аттуу китебин окуп чыктым. (ООО “Вайз Медиа” Москва, ул Верхняя, д. 34) Бакиев бул китебинде экономикалык, саясый, социалдык маселелерге өз оюн айтып, кенен-кесири чечмелеп бериптир.
— Бакиев өзүнүн бийлигин тартып алган Атамбаев туурасында да жазып кетсе керек.
— Албетте. Эми, Алмаз Атамбаев туурасында мындай деп жазган жерлери бар экен. “Кадрдык дайындоолор боюнча кетирген эң жогорку деңгээлдеги олуттуу жаңылыштыгым, —2007-жылы Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын премьер-министри кылып дайындоо болду.
Бул адам дегеле жетекчи болуп иштегенге жөндөмсүз эле. Бул анын азыркы кезде Кыргызстандын президенти катары беш жылдан берки башкаруусунун жыйынтыгынан дагы ачык көрүнүп келе жатат…” – деп жазып келип, андан ары сөзүн мындайча улайт: “Бирок, бир жолу мени өз өмүрүмдөгү эң чоң жаңылыштыкты жасап, өлкө жана элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү максат кылбай эле, тек гана жогорку кызматка иштеп жетүүнү көксөгөн адамды кызматка алганмын, ал- Алмаз Атамбаев болчу…” – деп жазган.
Экс-президент Курманбек Бакиев, Алмаз Атамбаевди бийликке алып келгенин өкүнүү менен жазганынын себеби да бар. Ушул жерден бир нерсеге токтоло кетейин деп чечтим. Төңкөрүштөн кийин Бакиев Белоруссиядан башпаанек алып, үй-бүлөөсү менен Минск шаарында жашап калды. Мен журналист катары Курманбек Бакиевден кенен маек алып келип, “Жаңы Ордо” гезитине сандан-санга чыгардым. Экс-президент Бакиев менен болгон маегим окурман журтунда кызыгууну жаратты. Гезит чыккандын эртеси эле, ыраматылык Мелис Эшимканов телефон чалып, “Бекен дос, маегиңди окудум, Бакиевге барарыңды айтсаң бир-эки суроо кошуп коймок экенмин,”-деди. Көрсө, Мелис Эшимканов да жакында төңкөрүш болорун Бакиевге айткан экен. Андан соң эле, Бакиевдин убагында кыска убакытка премьер-министр болгон Азим Исабеков дагы телефон чалып, редакциянын жанында жолугуп, көпкө сүйлөштүк.
— Эгер жашыруун сыр болбосо, эмнелерди сүйлөштүңөр эле?
— Экс-премьер-министр Азим Исабеков да биздин Акман айылына күйөө бала. Азим Исабеков сүйлөшүп отурганда, “Мени, бир күнү Курманбек Салиевич кабинетине чакырып калды. Азим, оппозиция биздин бийликти иштетпей койду. Мен оппозициянын өкүлдөрү менен жолуктум. Сен менин кадрымсың, сени көчөгө калтырбайм. Жумуш берем. Оппозиция сенин ордуңду сурап жатат, мен өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактап калыш үчүн алардын айтканын аткарууга аргасыз болдум… Ушуга кандай карайсың?” – деп айтты.
Мен президентке карап туруп, “Курманбек Салиевич, бул кызматты кимге бере турганыңызды билсем болобу?” – деп өзүнө суроо салдым. Бакиев болсо “Оппозиция премьер-министрликти Алмаз Атамбаевге берүүнү талап кылып жатышат. Мен өлкөдөгү стабилдүүлүктү сакташ үчүн алардын айткан талабына макулдугумду бердим…”- деди. Андан мен, “Курманбек Салиевич, Алмаз Атамбаевге бул өтө жооптуу кызматты туура эмес берип жатыпсыз. Анткени, Алмаз өтө коркунучтуу, опурталдуу адам. Бүгүн премьер-министрликти алып жатса, эртең сиздин отурган креслоңузду тартып алууга кызыгат. Алмаз эч качан жигитче иш кылбаган адам. Ал артыңдан бычак урат. Алмаз экөөбүз бир айылдан болобуз, аны муштумдай кезинен бери билем. Атамбаевдин чоң аталары биздин айылга башка жактан келгин болуп келишкен экен. Менин чоң аталарым аларга жардам берип, адам кылып бутуна тургузгандыктан бизди таеке деп чоңоюшкан. Мен Алмазды кичине кезинен бери жакшы билем. Сиз тараптан туура эмес кадам болду. Курманбек Салиевич кийин өкүнөсүз, бирок анда кеч болуп калат…” – деп айттым да арызымды президенттин атына жазып берип басып кеттим.
— Курманбек Бакиев менен Атамбаев кандай иштешти? Исабековдун сөзү туура чыктыбы?
— Кийин Азим Исабеков айткандай болуптур. Көпүрө болом деген Алмаз Атамбаев оппозицияны кандай сатса, Курманбек Бакиевди да ошондой сатыптыр. Исабеков айткандай Бакиевдин президенттигин тартып алганын элибиз билет да.
— Президент Бакиев премьер-министр Алмаз Атамбаев кандай иштешкенин китебинде жазыптырбы?
— Ооба. Бакиев оппозициянын айткан талабын угуп, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн Алмаз Атамбаевге бул чоң кызматты берген эле. Канча жолу Бакиев, президенттик администрациянын аппарат башчысы Медет Садыркуловду Атамбаевге жөнөтсө ал отурган ордунда жок болуп калчу экен. Кийин Атамбаев түш чендерде эле мас болуп алып, иштей албай үйүнө кетип калчу экен. Мен Курманбек Салиевичтен Минск шаарында маек алганымда да ушул туурасында айтып берген эле. Бир жолу, Атамбаевге жолуккандан тажаган Медет Чоканович, “Курманбек Салиевич, мени Атамбаевге жөнөтпөй эле коюңузчу? Барсам эле арак ичеличи деп кыйнай берет,” – деп ачыгын айтууга аргасыз болгон. Бакиев өзүнүн коопсуздук кызматы аркылуу текшертип көрсө Садыркуловдун айткандары туура болуп чыккан.
— Атамбаевдин иш убактысында мас болуп жүргөнү боюнча көп сөздөр айтылып жүрөт. Аны кантип далилдей аласыздар?
— Бакиев өзүнүн жазган китебинде Атамбаевдин көп ичкени боюнча мына буларды жазыптыр, “Ал КР премьер-министр болуп 7 ай иштеди. Анын бул кызматка иштеген учуру эсте калган адамдардын баарында тең бул адамдан абдан жаман таасир гана калды. Бери эле болгондо тартиптен баштаганда деле, ал жумушка өз учурунда келбей, каалаганда кетип калып жүрдү. Ошол эле учурда өзү иштеген кабинетинде эле арак ичип алууну көндүм адатка айландырып алды. Ыраматылык Медет Садыркулов, ал кезде президент администрациясынын жетекчиси болчу, мындай эч алдын ала болжоп айтууга мүмкүн болбогон адам жана жетекчи, премьер-министр менен кантип иштешти билбей, айласы куруду. Анан мага мамлекеттик иштерди талкуулаш үчүн, Атамбаевди соо кезинде кармай албай жаткандыгын ачык айтты.
Мына, эми тагдырдын тамашасынан уламбы, же чындыкка жакыныраагы, шылуун интригалардын натыйжасында бул киши мындан беш жыл мурда биздин өлкөнүн башчысы болуп калды. Жогорку рангадагы мындай жетекчинин саясатынын жана чарбалык ишмердигинин маңызы бир гана коррупция, иритүү жана мурда жетишпеген ийгиликтерди жок кылуу гана болушу мүмкүн. Анан калса бул кишиден андан башка дагы эмнени күтүүгө болмок?”– мына ушул сөздөр Бакиевдин китебинде шурудай тизилип турат.
— Атамбаев Жалал-Абадга барганда Бакиевдин жакын адамдары аны ууландырып койгон деген сөздөр тарады эле. Ошол айтылган сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?
— Эми, Атамбаев ууланган учурда жанында болгон эмесмин. Бирок, өтө далилдүү фактыларым бар. Атамбаев Жалал-Абадда эч ким аны атайын ууландырган эмес. Атамбаев аракты көп ичип алып “ууланбай” эле шымын булгап койгонун ошол кезде коштоп барган Азимбек Бекназаров менен Жусупбек Жээнбековдун өз ооздорунан укканмын. Мага ишенбесеңер алардан сурап алсаңыздар болот. Уу ичирип койсо Атамбаев тирүү калмак беле?
— Анда Атамбаевди жалпы кыргыз элине калп айтууга эмне түрткү берди экен?
— Биздин Акман айылына мас болуп барганын менин жердештерим айтып беришкен. Атамбаев мас болуп алып, басалбай калганда жан сакчылары көтөрүп трибунага алып чыгышкан экен. Ал жерде эч кандай ууландыруу болгон эмес. Атамбаевди Бакиевдердин адамдары эмес эле өзү аракты көп ичип алып, шайлоочулар менен жолуга албай тапкан амалы болсо керек.
— Акыркы убактарда биздин республикадагы кадрдык өзгөрүүлөргө кандай карайсыз?
— Атамбаев мас болуп жүрүп резиденцияда башын көтөрө албай калган кезде, өлкөнү ушул Илмиянов, Фарид Ниязовдор эле башкарып келген. Азыр деле “шопур” качып жүрсө деле анын кадрларынын көбү өлкөнүн бардык тармактарында иштеп келүүдө. Мисалы, Икрам Илмияновдун кадрлары болуп эсептелген адамдар: Жеңиш Разаков — вице-премьер-министр, Гүлмира Кудайбердиева — Билим берүү жана илим министри, Өткүрбек Жамшитов – республикабыздын Башкы прокурору, Абиш Калмурзаев-Баткен областынын губернатору, Абдурахманов Алишер- Баткен областынын губернаторунун орун басары, Набиев Нуркамал- КРнын Аскер прокурору, Абдуназаров Рахманберди-Сүлүктү шаарынын мэри, Эшанкулов Жамалидин-Баткен областы боюнча Мамэкотехникалык инспекциясынын жетекчиси, Бөрүбаев Самат- КРнын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин стат-катчысы, Мадумаров Акрам -КРнын кадр кызматынын директору. Жумабаев Абдулатип-Сауд Аравиясы, Египет, ЮАРдагы элчиси, ж. б. айта берсе болот. Шопурдун кадрларын эсептеп отурса дагы бир канчага жетмек.
— Ал эми Токон Мамытовдун кызматка келиши боюнча эмне дейсиз?
— Өкмөттүн көпчүлүк кадрларына ичим чыкпайт. Кадр түгөнүп калгансып Токтокүчүк Мамытовду эле ары-бери сүйрөшөт, түшүнө албай койдум. Аны кайсыл гана кызматтарга алып барышкан жок. Ал тургай бир жылда үч кызмат ордуна коюшту. Эмнени өзгөртүп, кай жерди гүлдөтүп жиберди биле албадым. Ушул кадрдык жүрүш президент Жээнбековго кадр-барк алып келген жок. Республиканын башкы прокурору деле “шопур” Илмияновдун тарбиялап өстүргөн кадры экени белгилүү. Ошон үчүн Жогорку Кеңештин жыйынында элементардык нерселерге жооп бере албай жатат. Коопсуздук кызматынын башчысын да депутаттар жөнөкөй эле суроолор менен чайнап коюп жатышат. Быша элек кадрлардын келип калып жатканы албетте өкүндүрөт. Т. Мамытовдун азыркы кызматы Турсунбек Акунга ылайыктуу болчу. Азыркы күндө шаардык бийликти, шаардык кеңешти олигархтар жана алардын аялдары, балдар-кыздары толугу менен ээлеп алышты. Алар шаардын, шаар калкынын проблемасын чечүү үчүн эмес, ошол жерден эмнени жулуп кетейин дегендер келип отурат. Азыр деле Атамбаев, Илмиянов, Ниязовдун кадрлары, ошондой эле фракция башчылары, ЖКнын депутаттары кызматтарда отурушат. Азыркы өлкө башчысы тезинен Атамбаевдин кадрларынан кутулушу керек. Бүгүнкү бийлик өзүнө ылайыктуу жер көз кадрларды эмес, эл үчүн билек түрүнө иштеп бере турган күчтүү кадрларды көтөрүшү керек го деп ойлойм. Жээнбеков өз кадрларын эми коё баштады. Бирок, арадан бир жылга жакын убакыт өтүп кетти. Сооронбай Жээнбеков ылымык, эт менен челдин ортосундагы кадрларга эмес, өз пикирин айта ала турган күчтүү инсандарга таянса болмок эле.
— Бүгүнкү күндө сизди түйшөлткөн маселе?
— Бул кадр маселеси. “Кадрлар баарын чечет!”-деген Сталиндин атактуу сөзү бар. Иш жүзүндө кыргыз саясатчыларынын арасынан чоң саясатта жыйырма жети жылдай жүрсө да, Абдыганы Эркебаев менен Адахан Мадумаров экөөнүн менчик камоктору, мамлекеттен менчиктеп алган эч нерселери жок таза инсандар. Бир да бийликке сын айта албаган Т. Мамытовго жумуш табылып, Абдыганы Эркебаевге жумуш табылбай калабы. Эркебаев деле күндө туула берчү адам эмес. Күчкө, акылга толуп турганда иштетип калалы. Табиятынан таза инсандардан кыргыз эли эч нерсе уттурбайт деле. Учурунда Абсамат Масалиев “Адахан Мадумаровдун кыргыз элине иштеп бере турган учуру өтүп баратат” деген эле. Биздин республикада жан дүйнөсү таза, мамлекеттин казынасына кол салбаган кадрлар аз. Ошолордун сап башында Темир Сариев, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Субаналиев, Аликбек Жекшенкулов, Улукбек Кочкоров ж. б. деп айтат элем. Президентибиз колу, жүрөгү таза, кыргыз эли деп күйгөн адамдарды жанына тартса дурус болмок. Белгилүү окумуштуулар Сулайман Кайыпов, Кадырали Коңкобаевдер чет мамлекеттерде иштеп жаткандыгы өкүндүрөт. Биз баалабасак да аларды алар баалашууда. Анткени, бизде мыкты кадр өсүп жетилиш үчүн жыйырма жылдан ашык убакыт өтөт экен. Президенттин айланасында күчтүү кадрлар канчалык көп болсо анын иши арбыйт, иши жүрүшөт дегендик.
— Кайсы бир кызматтан баш тартканыңызды уктук. Сыр болбосо кайсыл кызматты сунушташты?
— Мени эч ким кызматка чакырып, сунуштаган жок. Бирөөлөр тамашалап айтып койсо керек. Биринчи жолу сенден угуп жатам.
Маектешкен: Зулпукар Сапанов
P.S. Бул маек Икрамжан Илмиянов кармалганга чейин эле «Де-Факто» гезитине жарыяланганын айта кетүүнү туура көрдүк.
Булак: “Жаңы ордо“