www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Кыргызстанда бир катар экономикалык долбоорлор иштелип чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Долбоордун алкагында, министрлер кабинетинин алдында 2022-жылда төмөнкүдөй дымактуу милдеттер турат:

- 5,0%дан кем эмес деңгээлде экономикалык өсүш темпин камсыз кылуу;

- 400 млрд сомго чейин консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн көрсөткүчүнө жетишүү.

“Аталган секторлор боюнча ишти активдештирүү зарыл, анткени айыл чарба өндүрүшүндөгү кырдаалды жакшыртуу үчүн суу, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, интенсивдүү багбанчылыкты, мал чарбасын жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлөт. Ирригациялык курулмаларды модернизациялоо, реабилитациялоо жана реконструкциялоо жолу менен түшүмдүүлүгү төмөн жерлер өздөштүрүлөт”, - дейт ал.

Курулуш секторун жандандыруу үчүн ички жана тышкы каржылоо булактары сыяктуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жакшыртылат.

Амангелдиев кошумчалагандай, жети артыкчылыктуу багыттан турган (антикризистик чаралар, башкарууну реформалоо, өнүктүрүү үчүн чөйрөнү түзүү, артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүү, социалдык өнүгүү, тышкы саясат жана улуттук коопсуздук, шаарларды модернизациялоо жана климаттын өзгөрүшү) иш-чаралардын беш жылдык планына айыл чарбасын өнүктүрүү максатында суу, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, интенсивдүү багбанчылыкты, мал чарбасын жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча иш-чаралар киргизилген.

“Ошондой эле Кыргызстанда 2022-жыл “Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыяланганын белгилегим келет. Буга байланыштуу бир катар экологиялык жана климаттык долбоорлорду, анын ичинде айыл чарбасында, энергетикада, өнөр жайда, токой чарбасында жана экотуризмде ишке ашырууну камтыган иш-чаралардын планы иштелип чыгат.

Азыркы учурда биз министрлер кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы №352 токтому менен бекитилген министрлер кабинетинин 2022-жылга карата иш-аракеттеринин деталдуу планынын долбоорун даярдоону аяктадык, ал 5 жылдык иш-чаралар планынын алкагында 600дөн ашык иш-чараларды камтыйт”, - деп билдирди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости