www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук госпиталдан дарыгери Нарынбек Акматов саясатчы 3-январда ооруканага жаткырылат деп билдирген, Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Бектур Асановдун адвокаты Эркин Бөлөкбаев саясатчы дагы деле ооруканага которула электигин айтты.

Анын сөзүнө караганда, Бектур Асанов 3-январда Улуттук госпиталдан моюн омурткасынын эки жеринен операция болмок. Госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов буга чейин №1 тергөө абагынын жетекчилигине жана Саламаттыкты сактоо министирлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кат жазган. Тергөө абагынын жетекчилиги азырынча комментарий бере элек.

Кемпир-Абадды коргоо комитети “абакта Бектур Асановдун башы жарылып, моюн омурткаларына залака кетип ооруну басаңдатуучу дарынын күчү менен жатканын, абалы оор экенин” билдирген. Ушундан улам саясатчы ооруканада дарыланууга муктаж экени айтылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости