www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Замир Казакбаев:

Маселе Нурланда деле эмес бирок мисал кылайын дедим. Бул тууралуу журналист Замир Казакбаев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. 

"Нурлан Насип деген ким?

Бул жылды дагы, жылдын мыктылары менен жыйынтыктап алдык. Сөз башынан болсунчу. Сиз эринбей окуп, оюңузду билдирип коюңуз.

Маселе Нурланда деле эмес бирок мисал кылайын дедим.

Жаңы жыл алдында мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде президенттин протоколу, администрациясы жана пресс службасынын чала сабатсыздыгынын айынан чекилик кетти. Нурлан Насипти композитор аташты.

Мындай ката үчүн биз көрбөгөндү көрүп, иштен айдалчубуз. А булар үчүн кадимки эле көрүнүштөй...

Керек болсо ырдын пири аталган Рыспай Абдыкадыров, элдик, таланты таш жарган Асанкалый Керимбаев, Чубак Сатаев, Кадыраалы Артыков, Элмирбек Иманалиев, Бек Борбиевтер дагы композитор эмес. Булардын баардыгы обончу жана аткаруучу болуп саналат. Композитор деген кимдер?

Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев, Акмат Аманбаев, Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов азыркылардан Муратбек Бегалиев, Түгөлбай Казаков ж.б.

Композитор деген Сольфеджио. Теория музыки. Анализ. Гармония дегенди семичкедей чагып, Элдик обондордун, күүлөрдүн жомоктордун, эпостордун сюжетине, жанрына, темасына жараша музыка жазып, симфониялык, фольклордук, классикалык оркестрлерге партитура жазган адамды айтабыз.

Мындай билимди бизде улуттук консерватория гана бере алат. Алыс барбай эле мен күбө болгон замандаштардан мисал келтирейинчи.

КТРК да Бөкөнбай Боркеев деген кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист агабыз бар эле. Бек Борбиевтин ошол кездеги (90-2000 ж) азыркы биз сүйүп уккан ырларын критикалаганда жанында автор тургай, чоочун адам чыдап тура алчу эмес дешет. Ошентип теле-радиодон ырларын бердирбей койгон учурлары болуптур. Бирок мен бир да жолу Бек Борбиевтин ал кишиге каяша айтып же таарынганын уккан жокмун. Тескерисинче, агай, эгер сиз болбогондо мен чыйралып андан дагы мыкты обондорду жазмак эмесмин деп, ыраазычылыгын билдиргенин уккам. Көрдүңүзбү? Мактоонун да сындоонун да маданиятын жоготтук. Азыркы акындар менен обончулардын дымагында сөз жок бирок аларды дагы бири бирине эрегиштирген мамлекеттик, коомдук иш чаралар менен шаан шөкөттү токтотуу керек. Бүгүн биз чыгармачылык менен алектенбей мансап күтүп калдык.

Бүгүн биз, Эл жазуучуларынын чыгармасын инсценировка кылып же которуп койгон үчүн Кыргыз эл жазуучусу наамын алгандан уялбай калдык. Бүгүн биз кыңылдаган үн менен шлягер ырдасак деле Эл артисти наамын алгандан уялбайбыз. Кече эле, Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев же Чубак Сатаев деген генийлер биз алган сыйлыкты өлгөндөн кийин алгандарын унуттук. Көбү бүгүнкүгө чейин алыша элек. Мен баарын санаган жокмун. Ооба, "тирүүсүндө сыйлаш керек" деген чала сабат түшүнүк, чекебизге тийген кетмен болуп атканын сезбедик. Тирүүсүндө көңүлүн көтөргөнүбүз менен кийинки муунга туура эмес үлгү көрсөтүп, элдин табитин бузуп, чыгармачыл адамды шыктандыргандын ордуна токтотуп атпайбызбы. Эл артистин алгандан кийин эмне кылат? Эки жолку эл артистин бересинерби? Же жаштайынан эле көмүп атасынарбы? Биз жасалма, орду жок тарых жазып атпайбызбы. Сырттан, кыргыздын маданиятына кызыгып калган тарыхчы же музыковед келсе, кимди эмне деп жазат? Булар кийин эле көчүп келген эл го? дебейби? Эгемендикке чейинки тарыхыбыз менен азыркыны салыштырып, элди тааныбай эси оойт го. Булардын алтын доору Токтогул, Чынгыз, Байдылдалар менен бүткөн турбайбы, дейт го?..

Кыргыз маданияты,искусствосу эгемендүүлүктү алган жылдан бери карай, кулап бараткан эски дубалга окшош. Аны жөлөгөндөн пайда таппайбыз... Кайра куруу керек. Ал үчүн улуттук идеология керек. Дубалдын фундаменти улуттук идеология...

Азыр кай тармакты карабаныз баарынын абалы окшош.

Кыргыз журналистикасын тескей турган кабинетте блогерлер отурса, калганы кайда барат? Анан, психологиялык оорукчандардын акылын угуп отурабыз да интернетте.

Кыргыз армиясын, күч түзүмдөрүн караңыз, лейтенанттын деңгээлиндегилер генерал болушту. Кедей кембагалга нан ыргыткандар баатыр болуп атышат.

Жогорку Кеңеште алиппени окуй албагандар отурган үчүн мыйзамдын баары чийки.

Кайсыл министр же кайсыл аткаруу бийлигин угабыз? Кантип өнүгөбүз? Улам эле аферисттер, коррупционерлер келип атса!

Айтор, "балык башынан сасыйт" деген макалдын философиясын жакын арада түшүнбөйт окшойбуз.

Маселе, сыйлык же кызмат берип аткан тараптан дагы, алып аткан адам, УЯЛГАНДЫ үйрөнүшүбүз керек!!!", - деп жазган Казакбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости