www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 23-ноябрда Жогорку Кеңеште Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдуулук - Европа Бирлиги менен Кыргызстандын ортосундагы тажырыйба алмашуу” темасында “тегерек стол” болуп өттү.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко “тегерек стол” аталган комитеттин демилгеси менен Европа Бирлигинин (ЕБ) колдоосу астында өткөрүлүп жаткандыгын билдирди. Ошону менен катар комитет төрайымы коррупция менен күрөшүү бүгүнкү күндө стратегиялык максатка айлангандыгына токтолуп, “тегерек столдо” Франциянын экс-магистраты, Европа Бирлигинин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча эксперти Мишель Карл Европа өлкөлөрүнүн коррупцияга каршы күрөшүүдөгү тажрыйбалары тууралуу маалымат берерин белгиледи.

Эксперт Мишель Карл ЕБдеги коррупцияны алдын алуу, ага каршы аракеттенүүнүн мыкты тажырыйбалары боюнча баяндама жасап, коррупцияга каршы күрөшүүдө Франциянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбалары туралуу маалымат берди. Ал коррупция менен күрөшүү 3 негизги принциптин сакталышы зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзам жазуунун эң мыкты техникаларына көңүл бурулушу керек, майда дебей бардык деталдар эске алынышы зарыл. Экинчи маанилүү жагдай мыйзам жазууда баардык болушу мүмкүн болгон тобокелчиликтерге тыкыр анализ жүргүзүлүшү абзел. Ошону менен катар коррупция менен күрөшүүгө коомчулуктагы баардык тараптарды тартуу өтө маанилүү. “Кабыл алынган мыйзамдар аткарылып жатабы, мына ушул жагдайга реалдуу мамиле кылыш керек. Балким кошумча чаралар керектир. Сапаттуу мыйзам жаралышы керек. Болбосо коррупция менен күрөшүүдө ал терс таасирин тийгизиши толук мүмкүн. Ошондой эле мыйзамдын тексти баардык жарандарга түшүнүктүү болушу кажет”,- дейт эксперт. Ал эч бир органга көз каранды болбогон антикоррупциялык түзүм болушу шарт экенин, анын транспаренттүлүгүндө жана ачык-айкындуулугунда эч кандай күмөн болбошу зарылдыгын кошумчалады.

Жыйында ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Долбоорлор менеджери Никола Скарамуццо Италияда мындай орган бар экенин маалымдап, ал коррупциялык иш-аракеттерди иликтеп, прокуратура органдарына берүү ыйгарым укугуна ээ экенин, коррупция боюнча камоо иш-милдети жоктугун айтты.

Комитет төрайымы Н.Никитенко дагы өлкөдө коррупция менен күрөшүүчү өзүнчө көз карандысыз орган түзүү маселеси курч турганына токтолуп, батыш өлкөлөрүндө сот системасындагы коррупция менен күрөшүүнүн жолдоруна, коррупцияны алдын алуу механизмдерине кызыкты. Долбоорлор менеджери Никола Скарамуццо Италияда судьялар тандалып алынгандан кийин 2 жылдап окутуларын, белгилүү бир сынактан өткөндөн кийин гана кайсы бир ишти кароого уруксат берилерин кошумчалады. Эксперт Мишель Карл Францияда судьялардын кабыл алган чечимдерине көзөмөл кылуучу институт түзүлгөнүн, соттук иштерди кароонун мөөнөтү дагы жолго коюлгандыгын, соттун жүрүшү электрондоштурулуп, ОНЛАЙН түрүндө берилерин белгиледи.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин депутаттары Жаныбек Бакчиев менен Абдыбек Дүйшалиев коррупция менен күрөшүүдө чараларды катаалдаштыруу менен эле маселе чечилбестигин, катаалдаштыруу менен ага чейинки абалдын ортосунда баланс табылышы керектигин такташты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости