www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шумдугуң кургур замана!- деген ушул экен да. Кыш мезгили келип күндүн ызгаары күчөп турса “күчала” менен күчтөнүп алышкандай эки жуп так короонун алдында, комузун маңдайына коюп алып, алдына салган төшөнчү жок, айланасындагыларды көзгө илбей, бир топ жашка келип, кээ бирине чоң ата, кээ бирине таяата болуп калган кезде, 20-25ти чамалап калган келин менен чакалайдын чак түшүндө, уят-сыйытты жыйыштырып кумарга батып жатат.

Ииий, бетим! Кыргыз чалдарынын кылганы ушул болсо келечек муунга кандай насаат көргөзө алат?! Ыйык деп келген комузду мандайга коюп алып, айланасындагылар "уят эмеспи, чоң ата, бул эмне деген жорук"- десе, эч ийменип койбостон, баштаган ишин, бүтүрө албай шаштысы кетип, шашкан да жок. Ушул кылыгы үчүн канчалаган аталарга сөз тийгизип, канчалаган жаштардын карыларга болгон сый- урматын жийиркеничке айландырып койгонун да эч туйган жок!

Соц тармакка таркаган аталган видео көпчүлүктүн эсин оодарып жаткан мезгил. Коомчулук эмне себептен ушундай кадамга барды экен деп суроо салып атанын кылыгын түшүнүүгө көпчүлүктүн акылы жетпей турат..

Чынында эле бул эмне деген жапайы көрүнүш?! Мейли, аксакал да ысык жан экен, түшүнөбүз.

Бирок, көчөдө жата калганына кандай актанса да эл ишенбейт! Таза эле чыдамы түгөнүп баратса, жок дегенде далдоо жер таап алса болмок экен! Каап..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости