www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-декабрда Бишкекте экстремизмди алдын алууда журналисттер менен кызматташуунун ролу талкууланат. Жыйынды Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы уюштурууда.
Мекеме белгилегендей, бүгүнкү күндө мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы күрөшүүдө, мындай көрүнүштөрдү алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге иштөөнүн мааниси жогорулап жатат.
Кыргызстанда жыл башында экстремизм менен терроризмди жайылтат деп саналган 150дөн ашуун интернет-булактын ишине бөгөт коюлган.
Сайттардын көбү "Хизб-ут-Тахрир", "Талибан" жана "Ислам мамлекети" сыяктуу ишмердүүлүгү Кыргызстанда тыюу салынган террордук топторго тиешелүү. Диний эксперттер жаштарды террордук топторго социалдык тармактар, сайттар аркылуу азгыруу уланып жатканын айтууда.
Булак: NazarNews.kg