www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Прокуратура аны 11 жылга түрмөгө кесүүнү соттон өтүнгөн.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон.

Бүгүнкү өкүм жогорудагы эки айып боюнча чыкты. Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган. ​Ал мандатынан да ажыратылган. Буга парламенттеги «Бир Бол» фракциясы жазган арыз негиз болгонун БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 5-ноябрдагы брифингде билдирип, Шадиевдин фракцияга жазган арызынын нускасын көрсөткөн. Ага Шадиевдин колу коюлган. Шадиев болсо өзү кийин билдирүү таратып, өз каалоосу менен арыз жазганын четке каккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости