www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө» Жарлыкка кол койду
Жарлыктын тексти:
«Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин 2018-жылдын 10-декабрындагы №3 „Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө“ чечимин ишке ашыруу максатында токтом кылам:
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынынөнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынынөнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетке ага жүктөлгөн функцияларды аткарууда ар тараптан көмөк көрсөтсүн, анын ичинде мамлекеттик жана мыйзам менен корголгон башка сырларды камтыган документтерди кошпогондо, документтерди жана материалдарды берсин.
Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.»
1-тиркеме
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин курамы
Жээнбеков Сооронбай Шарипович–Кыргыз Республикасынын Президенти, Комитеттин төрагасы;
Боронов Кубатбек Айылчиевич–Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комитеттин төрагасынын орун басары;
Комитеттин мүчөлөрү:
Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович–Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Арапбаев Азамат Абдуллажанович–Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Байбакпаев Экмат Джурукпаевич–Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Иманалиев Данияр Шаршенбекович–Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Осмонбетов Эмиль Кубатович–Кыргыз Республикасын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Адилбек уулу Шумкарбек–Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору;
Койчуманов Таалайбек Джумашевич–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;
Шаршекеев Марат Дуйшебаевич–Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Сыдыков Аскар Куттубекович–Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Пономарев Сергей Васильевич–Кыргызстандын рыноктору, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ишканаларынын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Ибраев Данил Турсунбекович–Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
Абдраев Алмазбек Кошоевич–«Текстиль-Транс» ЖЧКнын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Асанов Сапарбек Жекшебаевич–Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын «Легпром» ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Алимжанова Дилбар Икрамовна–Жашылча-жемиш ишканаларынын ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Досаев Ренат Абдуллаевич–Балык чарбаларынын ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Ажыкулов Темирбек Назарбекович–«Бизнес Ассоциация ЖИA» ЮЖБнын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кадыров Суюндук Кадырович–«Сүт союзу» ассоциациянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кузнецов Ярослав Евгеньевич–«Группа ОргСинтез» АКнын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кошоев Данияр Ахунбаевич–Эркин экономикалык зоналардын инвесторлорунун ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Юлдашева Азиза Узгеновна–«Жер Азыгы» Кыргызстандын агробизнесмендеринин ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Ускенбаева Гульнара Тураровна–Жеткирүүчүлөрдүн (өндүрүүчүлөрдүн жана дистрибьюторлордун) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Огава Масазуми –«Бир айыл — бир продукт» моделин Кыргыз Республикасынын башка региондоруна жайылтуу боюнча долбоордун башкы кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Осмонова Зарина Турсунбековна–«Сталкер» ЖЧКнын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Мурат Кызтек –«CLAY KING» (Клэй Кинг) ЖЧКнын башкы директору (макулдашуу боюнча).
2-тиркеме
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жоболор
1) өнөр жай жана ишкердик чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты талдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
2) төмөнкү маселелер боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу:
— өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү жана модернизациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүүнү колдоо чаралары;
— ишкердикти мамлекеттик жөнгө салууну оптималдаштыруу;
— региондордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын көтөрүү;
— улуттук инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү.
1) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде актуалдуу маселелерди кароо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарды, улуттук жана эл аралык эксперттерди, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн жана илимий чөйрөнүн, ошондой эле бизнес коомчулуктун өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду түзүүгө;
2) тийиштүү сунуштамаларды жана сунуштарды кабыл алууга жана аларды Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешке, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүүгө;
3) бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине белгиленген тартипте катышууга;
4) жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл маалыматты жана документтерди мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте суроого жана алууга, буга мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды камтыган документтер кирбейт.