www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 25-августта Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, белгилүү калемгер, публицист жана журналист Калканбай Ашымбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Зыйнатка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Койчиев Арслан Капайович, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Надырбеков Союзбек Надырбекович, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору, Кыргыз Республикасынын эл артисти Өзүбеков Асылбек Абасович катышып, маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, коштошуу зыйнатында сөз сүйлөдү.

Калканбай Ашымбаев кыргыз адабияты менен журналистикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү калемгерлердин бири. Ал СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болуп, көп жылдар бою проза, публицистика жана фельетон жанрларында үзүрлүү эмгектенген.

Калканбай Ашымбаев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ардагери, Эл агартуунун отличниги наамдарына татыган.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатынан соң маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Последние новости