www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Зеленскийдин келечеги тууралуу кескин билдирүү жасады.

Ал Украина президенти жакын арада өз элине да, Батыштагы колдоочуларына да керексиз болуп калышы мүмкүн экенин айтып, аны эл аралык трибунал күтүшү мүмкүн деген пикирин билдирди.

Медведев 2008-жылдагы Орусия-Грузия согушун мисал келтирип, анда Грузиянын ошол кездеги президенти Михаил Саакашвилинин саясаты оор кесепеттерге алып келгенин айтты. Анын сөзүндө Саакашвили «психологиялык жактан туруксуз» деп мүнөздөлгөн.

Последние новости