www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиялык ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Маркл мындан ары өздөрүнүн падыша наамдары жана мамлекеттик каражаттарды колдоно алышпайт. Бул тууралуу ВВС Букингем хан сарайынын кабарына таянып жазып чыкты.
Буга чейин ханзаада менен жубайы падыша үй-бүлөсү менен байланыштырган кызматты бошотууну жана финансы жактан көз карадысыз болууну кабарлашкан. Жубайлар Улуу Британияда жана Канадада жашоону пландап жатышат.
Бул ушул жылдын жаз айларынан баштап Гарри менен Меган падышанын расмий өкүлдөрү катары катыша албайт дегенди түшүндүрөт. Ошол эле учурда алар герцог жана герцогиня болуп кала беришет. А Гарриге болсо төрөлгөндө берилген ханзаада титулу да калат.
Ошондой эле, жубайлар Виндроздогу үйүн оңдоого Улуу Британиянын бюджетинен кеткен каражатты, башкача айтканда 2,4 миллион фунтту кайра кайтарып беришерин айтышкан.
“Бир нече айга улантылган сүйлөшүүлөрдөн кийин, мен неберем жана анын үй-бүлөсүнүн кийинки кадамдарына конструктивдүү чечим кабыл алганыбызга кубанып жатам. Гарри, Меган жана Арчи үй-бүлөбүздүн жакшы көргөн мүчөлөрү болуп кала берет. Бизде бүгүнкү келишим аларга жаңы бактылуу жана тынч жашоону баштоого жардам берет деген үмүтүбүз бар”,- деп айтылат Елизавета II нин кайрылуусунда.
Финансылык көз карандысыз
Букенгемск хан сарайы маалымдагандай, Гарри жана Меган эми алар падышанын милдеттерин аткаруудан баш тартууга туура келерин түшүнүшөт. Ошондой эле, анын ичинде аскерге байланыштуу раймий иш чаралары да бар.
“Алар падышанын милдеттерин аткаргандыгы үчүн мамлекеттен каражат алышпайт. Герцог менен герцогиня жеке демилгелерди колдоону жана байланышты улантат”,-деп айтылат маалыматта.
Жоопсуз калган суроолор
ВВСнин маалыматы боюнча, ханышанын билдирүүсү бир катар суроолорду ачык калтырат. Ошондой эле, ханзаада Гарри менен анын жубайынын Улуу Британия менен Канадагы салык жана иммиграция статусу кайдай болот деген суроо кала берет.
Падышанын хан сарайы Меган Маркл мурункудай эле британиялык жарандыкты алгысы келеби же жокпу маалымат берген эмес.
Белгилей кетсек, Гарри жана анын уулу Арчи падыша тактысына мураскорлордун тизмесиндеги ордун жоготобу белгисиз. Алар тизмеде алтынчы жана жетинчи орунда турушат. Эске салсак, тизмеде биринчи ханзаада Чарльз, экинчи-анын улуу баласы Уильям, андан кийин үч уулу.
Булак: NazarNews.kg