www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Ухань шаарынын Хубэй провинциясында жаңы типтеги коронавируска дагы 17 киши чалдыкты. Бул тууралуу кытай басылмалары аталган провинциянын Саламаттык сактоо комитетине таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 17 бейтаптын 12си эркек киши, ал эми бешөө аял. Эң жаш бейтап 30да, ал эми карысы 79 жашта. Алардын оорусунун белгилери 13-январда байкала баштаган. Алгач дене табы көтөрүлүп, жөтөлүшкөн.
Үч бейтаптын абалы оор, калганынын ден соолугу туруктуу деп бааланып жатат. Дарыгерлер бул илдетке чалдыккан адамдар менен жакын байланышта болгондорду дагы көзөмөлгө алышты.
Белгилей кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы кабрланган. Адистер дарттын козгогучу коронавирус экендигин божомолдошкон. 19-январга карата ооругандардын саны 62ге жетти, алардын экөө көз жумду.
Булак: NazarNews.kg