www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми иттерге паспорт берилеби?

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр талкууланып, анда маалымат берген Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов, соңку эки жылда көрүлгөн аракеттерден улам Кыргызстанда эхинококкоз менен ооругандардын саны 279 адамга кыскарган.

Анын айтымында, жаныбардан адамга жугуучу илдеттерди алдын алуу үчүн биринчи кезекте иттер көзөмөлдө болушу керек.

“Бул долбоор боюнча иттерге каргы алуудабыз. Биркасын илип коёбуз. Азыр 114 миң ит базада турат. Иттен эхинококкоз, альвеококкоз, кутурма сыяктуу жалпысынан ылаңдын 20 түрү жугат. Биринчи кезекте итти көзөмөлгө алышыбыз керек. Жылына каттоодогу ар бир итти төрт жолу барып дарылап жатабыз”, - деп билдирди Жумаканов.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости