www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркебаев дале бийликтин эркеси

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы болуп Абдыганы Эркебаев шайланды. Белгилүү болгондой бул кызматты 2016-жылдын апрель айынан бери Кыргыз-тандын азыркы акыйкатчысы Токон Мамытов ээлеп келген. 3-майда Токон Мамытов курултайга келип, отчет берген соң, кеңештин мүчөлөрү аны кабыл алып, Абдыганы Эркебаевди төрага кылып шайлады. Ассамблеянын кеңешинин курамы 55 кишиден турат.

Эркебаев Акаев доорунан бери чоң кызматтарды аркалап келатат. Бирок кайсыл ишти иштебесин, чыгаандыгы, иштемчилдиги, жаңычылдыгы байкалбады. Албетте, Кыргызстан элинин Ассамблеясы мамлекеттик кызмат болуп эсептелбейт, Бирок ошондой болсо да, бийликтин акырынан жем жеген, бийликке төшүн тоскон коомдук уюм экени буга чейинки жүргүзгөн саясатынан байкалган. Ал эми Эркебаев карып калса да, мындай ишке чоң уста эмеспи.

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости