www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин белгилүү болгондой “Азаттыктын” журналисти Ыдырыс Исаковду Оштогу көпөс, өзүм билемдик менен көмүскө бизнес кылып, кутуруп келген Жалил Атамбаев 50 миллион сом айыпка жыгып, сотко доо арыз берген. Себеби, Исаков анын бизнесиндеги былык иштерин чубап чыккан болчу. Исаковду колдоп, журналисттер президентке кайрылуу жолдошкон. Айрым саясатчылар дагы колдоп чыгышкан. Алардын бири “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов эле.

Бүгүн Атамбаев Исаковго карата жазган соттогу доо –арызын кайтарып алганын билдирген. Ага улай эле, Сулайманов өзүнүн соц баракчасына төмөндөгүдөй билдирүүсүн жазды. “ Урматтуу достор, менин журналист Ыдырыс Исаков жөнүндө билдирүүмдөн кийин Жалил Атамбаев менен жолугуп сүйлөштүк. Ал кишиге «сөз эркиндигин сот аркылуу муунтам дегениңиз туура эмес» деп түшүндүрүп айттым. Туура кабыл алды. Бүгүн барып доо-арызын кайтарып ала турган болду. Бул коомчулуктун жана сөз эркиндигинин жеңиши деп эсептейм.”

Албетте, Сулайманов дагы оӊой эмес. Түштүктө чоӊ алмагы бар. Атамбаев андан сестенбейт деп айтуу да кыйын. Андыктан, Сулайманов ырахмат деш керек.

Бирок Алтыкеӊ эми Атамбаевдин салыкка төлөбөй жаткан миллиондору боюнча да ич ара жакшылап “сүйлөшүп”, түшүндүрүп койсо жакшы болот. Анда чыныгы мекенчилдигин көрсөтмөк. Балким ойлонуп көрөт чыгаар. Кантсе да, колунда мансабы, эл суктанган күчү бар эмеспи..

Булак: "Багыт.kg"

Последние новости