www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Раим Матраимов Кыргызстанда бир канча жылдан бери бардык саясый процессттерде өз алдынча катализатор болуп калды. Бардык жаңылыктардан анын кулагы чыгып турат. Эч кандай маек берип, телеге барбай эле белгилүүлөрдүн сап башында. Матраимов тууралуу кеткен да келген да президенттер сөз кылып, аны менен дос да душман болуу менен ал эң көп талкууланган адамга айланды. Ошентип, эми ылакап аты менен элге таанылган Раим миллиондун мүлктөрүн эмес, аброюн санап көрөлү.
1) Өтө белгилүү
Ал, эми көпчүлүктүн көлөкөсүндө жашырынып кала албайт. Анын атын, кебетесин да ар бир кыргызстандык тааныйт. Коомдук адам үчүн бул маанилүү.
2) Саясый элиталардын арасындагы кадыры
Кара-Сууда өткөн спорттук иш-чарада Кыргызстандагы баймын, элитамын, саясатчы, губернатор, депутатмын, спикер дегендин баары барды. Бул Матраимовдордун саясый элитанын арасындагы реалдуу салмагын көрсөтүп койду. Р.Матраимовду сындап жаткан адамдардын тобу анын алдына барганын көрүп эмне дейбиз? Бул жерде сөз Руслан Казакпаев менен Алманбет Шыкмаматов тууралуу болуп жатат. Экөө Кара-Сууга волейболго кызыгып эмес, Раим Матраимовдун алдынан өткөнүн күбөлөндүрүш үчүн баргандай.
3) Стратегиялык электораттык базасы
Бир тууган Матраимовдор губернатор, мэр, акимдерге караганда электораттык базасы алдаганча күчтүү. Кара-Суу району - өлкөнүн аймагындагы бардык шайлоонун жыйынтыгын аныктай турган стратегиялык аймак. Алсак, АКШда кызыктай статистика бар. Калифорния менен Нью-Йорктогу шайлоодо уткан адам өлкөнүн бардык аймагында шайлоону утат. Ал эми Кыргызстанда - Кара-Суу. Шайлоодон дайым утушат. Ошентип Матраимовдор кайсы партияга, кайсы гана президентке ат салышкан адамга болбосун Матраимовдор жеңишти камсыздап бере алышат. Бир тууган Матраимовдор колдоочулары өз районунда гана эмес бүткүл Кыргызстандын аймагында бар. 2020-жылды утурлай Матраимовдордун зоболосу өскөндөн өсө баштаган. Алар ал тургай бийликтин шайлоодогу утушун дагы камсыздап беришет.
4) Каржы
Матраимовдордун кланы өлкөнүн ичинде да тышында да жолго коюлуп калган бизнестин ээлери. Матраимовдордун бизнеси кирешенин чоң агымын иштетүү менен 100 миңдеген кишини иш менен камсыздап, мамлекетке миллиарддаган салык төлөшөт. Каржы бул – каршылыктарга каршы эң чоң сокку.
5) Жарнамаланбаган кайрымдуулук
Каржылык жетишкендик аларды аз камсыздарга эң чон суммадагы кайрымдуулук жасоого мүмкүнчүлүк берет. Матраимовдор ал кылгандарын эч жарнамалабайт, ошондуктан аны алгандар да кимден келгенин билбейт. Бирок, мунун аркасы менен алар шайлоодо көп колдоо табышат. Алардын кайрымдуулугу коомчулукта чагылдырылбагандыгы үчүн, журналисттер, саясатчылар эмнеге Матраимовдорду түштүктүн эли сыйларын көп түшүнө беришпейт.
Жыйынтыктап айтканда, Матраимовдор бизге жагабы, жакпайбы баары бир алардын аты коомчулукта бар жана бизге келечек болуп кала берет.
Булак: NazarNews.kg