www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги коомдук ишмер, кыргыз саясатында өз орду бар Эмилбек Каптагаев менен кечээ эле партиядан чыгарылып, ал чечимди тааныгысы келбеген Иса Өмүркулов тууралуу баарлаштык.
-Иса Өмүркуловдун партиядан чыгарылышы КСДПдагы абалды жөнгө салабы же ого бетер татаалдаштырабы?
-Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу менен КСДП партиясы Жогорку Кеңештеги фракциясынан биротоло ажырап калышы да мүмкүн. Партиянын ичиндеги чатак муну менен токтобойт, болгону ички чатак ачыкка чыгып, айыгышкан мүнөзгө өтөт го деген ойдомун.
-Атамбаев Иса Өмүркуловду спикер же премьер-министр кылбаганы үчүн ага таарынып, Сооронбай Жээнбеков тарапка ыктап кеттиби?
-Жок, Өмүркулов башынан эле өз алдынча саясатчы, ал эч качан Атамбаевдин кол алдындагы кол бала болгон эмес. Анын дагы мындан аркы саясий процесстерде өзүнүн ою, пландары болуусу керек. Азыркы кадамдарын мен ошондой эле түшүнөм.
-Атамбаев КСДПны тарттырып жибереби же тартып алам дегендердин сазайын береби?
-Партия Атамбаевдин менчиги эмес го дейм, көпчүлүк кайда оосо ошол жакты карай жыла берет да... Партиянын келечеги үчүн кам көрсө, Атамбаев өзү эле өткөрүп бериши керек болчу.
-Бирок, партия лидерлеринин көпчүлүгү партиясын менчигиндей эле көрүшөт го?
-Андай болсо ал ошол кишинин проблемасы го дейм... Объективдүү процесстер жүрүп кетсе бир кишинин пикири эч нерсе чечпей калат.
-20 жылдык тарыхы бар КСДПны кандай тагдыр күтөт? “Ак Жол”, “Алга Кыргызстандай” болуп, саясый аренада жок болуп калабы же күчүнө киреби?
-Ал нерсе партиянын мүчөлөрүнүн жоопкерчилигинен гана көз каранды. Башкача айтканда, алардын партияда кандай мотивдер менен жүргөнүнө көз каранды болот. Кыскасы, баары өздөрүнүн колунда.
Булак: NazarNews.kg