www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттин карамагында турган мүлккө инвентария жүргүзүүгө, анын наркын аныктоого милдеттүү болчу, тилекке каршы ал милдетин ушул кезге чейин аткарган жок, эмнегедир создуктуруп келет. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Биз мамлекеттик мүлктүн рыноктук баасын так билишибиз керек. Ал үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекеттин карамагында турган мүлккө инвентария жүргүзүүгө тийиш болчу, бул иш создугуп барат. Андан тышкары, ММБФ стратегиялык мааниге ээ болгон ишканалардын реестрин да түзүшү керек эле, ал дагы аткарылган жок. Биз алардан айрылып калышыбыз мүмкүн. Деги ММБФ өз милдетин качан аткарат?», - деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости