www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашхабаддагы окуу жайлардын жатаканаларында жашаган 1-3-курстун студенттери азык-түлүк жана эң керектүү товарларды сатып алууда кыйынчылыктарга туш болушууда. Бул тууралуу «Хроника Туркменистана» гезити жазат.

Коронавирустун алдын алуу чараларынын бири катары студенттерди жатаканалардын аймагынан чыгарбоо чечими кабыл алынган. Студенттер уруксат берилген аймакта жайгашкан 1-2 соода дүкөнүнө гана кире алат. Алардагы баалар базардагыдан жогору. Акчаны үнөмдөө максатында студенттер, негизинен, картөшкө, ашкабак, пияз жана помидор сатып алаарын айтууда. Тамак жасоо үчүн алар үчүн эң керектүү продукт - бул өсүмдүк майы, анын бир литри азыр 55 манат.

Учурда аймактар ​​ортосундагы байланыш токтотулгандыктан, ата-энелер балдарына үйдөн тамак жөнөтө алышпайт. Шаарга кирип, базарлардан арзаныраак тамак-аш сатып алуу үчүн, студенттер кээде 20-25 манат төлөнүүчү дворник менен сүйлөшүү жүргүзөөрү айтылат.

Учурда туруктуу жашаган жеринде практика өтүп жаткан 4-5-курстун студенттери 25-октябрда окуусуна кайтаары пландалууда. Аларды Ашхабадга жеткирүү үчүн атайын поезддер же автобустар уюштурулаары азырынча белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости