www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмитен абал ушундай болсо, чилдеде кантебиз?

Кыш чындап кылычын али сунуп келе электе эле «какап-чакай» баштадык го? Өкмөтүбүз өлөсөлүү кишинин кебетесиндей, эптеп эле жаны бардай. Калгандары деле ошол. Кечээ жакында бир түшкөн кар алардын кагаз бетиндеги баары «чики-чики» деген отчётторунун абийрин ачып салды. Реалдуу турмушта кышка болгон даярдык «нөл» экенин көрсөтүп.

Суу башында турсак да электр жарыгына болгон таңкыстык эмитеден пайда болуп, жылуулуктун бул булагын тегерек-четтеги дээрлик бардык кошуналарыбыздан (Түркмөнстан, Тажикстан эми Өзбекстан менен Казакстандан) сатып ала баштадык.

Айтмакчы, жылуулуктун дагы бир булагы болгон көмүргө болгон баа дагы ар жерде ар башка, баш аламан. Ар күн сайын азык-түлүккө болгон баалардын асманга учуп жатканындай абал. Ал эми антимонополиялык саясат деген бизде такыр эле сормо сазга сорулуп кеткендей. Тым-тырс.

Улуттук статистика комитетинин бүгүнкү, 8-октябрда, берген маалыматына таянсак, көмүрдүн орто баасы мындан бир жыл мурункуга салыштырмалуу 16,1 пайызга өсүп кеткени айтылууда.

Арзаныраагы делген эле, көмүр чыгуучу Кара-Кече кени Жумгал районунда экен. Райборбор болгон Чаекте тоннасы 2,5 миң сомдун тегерегинде. Бишкекте 4,5 миң сомду басып жыгылса, Исфанада 6,5 миң сомдон ашыптыр.

Комитеттин маалыматында, кара алтынга болгон эң кымбат баа Ноокат районунда (1 тоннасы 9 миң сомго жетип барса) Баткенде 8,5 миң сомго чейин жеткени айтылат. Эмитен ушинте баштасак, кыш чилдесинде кантээр экенбиз...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости