www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын Батуми шаарында куткаруучулар урандынын алдынан жашы жете элек баланы жана эркек кишини алып чыкты. Алар ооруканага жеткирилди, деп билдирет «ТВ Пирвели» телеканалы. Ошондой эле, жеңил жаракат алган дагы бир эркек киши табылды. «Турак үй урап, 10 чакты унаа дагы урандынын алдында калган», - деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк «Рустави 2» телеканалы куткаруучулар урандынын алдынан жаңы төрөлгөн ымыркайды да алып чыкканын билдирди. «Ал дагы ооруканага жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 8-октябрда, Батуми шаарынын борборунда 5 кабаттуу үйдүн бир бөлүгү урады. Урап калган подъездде 12 үй-бүлө жашачу. Үй 1980-жылдары курулган. Кийинчерээк дагы 2 кабат кошулган.

Азырынча кырсыктын 2 себеби айтылууда. Биринчиси - газ жарылган болушу мүмкүн. Экинчи божомол боюнча, оңдоп-түзөө иштери учурунда негизги дубал кыйраган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости