www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде бир тонна көмүр 8 миң сомдон өйдө сатылууда

Улуттук статистика комитетинин 8-октябрдагы маалыматы боюнча, 2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда быйыл көмүрдүн баасы орто эсеп менен 16,1 пайызга өстү.

Эң жогору баа Ноокат районунда катталып, көмүрдүн бир тоннасы 8390 сомдон болсо, Баткенде бир тонна көмүр 8 377 сомго сатылууда. Чаекте 2,5 миң, Балыкчыда 4 миң, Токтогулда 4 373, Исфанада 6,5 миң сом. Статком баш калаа Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4,5 миң сомдон деп белгилеген.

Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн тонна көмүр керектейт. Анын көбү Кара-Кече кенинен казылат. Кара-Кечедеги ишканалар Бишкек шаарын жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарын көмүр менен камсыз кылат.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясы боюнча таңкыстык жаралууда. Учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан кошумча алууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости