www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нобель сыйлыгына быйыл журналисттер татыды

Нобель сыйлыгы адамзат жашаган планетабыздагы эң даражалуу сыйлык. Бир кылымдан ашкан анын жаралуу доорунан бери баш-аягы 107 адам бул сыйлыкка ээ болгон. Бүгүн Норвегияда сыйлыктын 2021-жылдагы жаңы ээлери аныктады. Алар - журналисттер. Чыңгыз Айтматов айткандай, “кайсы доордун болсо да башкы фигуранттары” делген калем ээлери.

Бири - филиппиндик журналист кыз Мария Ресса, экинчиси - Орусиядагы “Новая газета” басылмасынын баш редактору Дмитрий Муратов. Сыйлык биздин чет элдик кесиптештерибизге сөз эркиндигин сактоодо өз ойлорун ачык айтып, курч жазып келгени үчүн ыйгарылды.

Белгилей кетчү жагдай - Нобель сыйлыгына эгемен Орусиядан буга чейин эч ким ээ боло элек болчу. СССР кезинде окумуштуу жана укук коргоочу Андрей Сахаров менен СССР президенти Михаил Горбачев татыган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости