www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лимонтинин өлүмү: Күбөлөр онлайн сурак берди

Бишкектин Биринчи vай райондук сотунда каймана аты Лимонти аркылуу белгилүу болгон кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук териштирүү уланууда. Соттук отурумдун жүрүшүндө Нарын облусунда жашаган эки күбө сот отурумуна келбегени белгилүү болду.

Мамлекеттик айыптоочу Тамара Тилекеева эки күбө тең бир нече жолу алыстан келгенин, бирок отурумдар кийинкиге калтырылгандыктан, азыр келбей калды деп түшүндүрдү. Прокурор күбөлөрдү интернет аркылуу суроону суранды. Айыпталып жаткан Талгат Шамиевдин жактоочусу Жаныбек Моңолбаев күбөлөрдү мажбурлап алып келүүнү суранды. Сотко төрагалык кылган Мирлан Термечиков прокурордун өтүнүчүн канааттандырды.

Анын айтымында, күбөлөр Нарын шаардык сотунда онлайн суракка алынат. Эске сала кетсек, криминалдык авторитет Лимонти 2020-жылдын 2-мартында Нарында өлтүрүлгөн.

Айыпталуучу Талгат Шамиев анын денесин Ички иштер башкармалыгына алып келип, кылмышты мойнуна алган. Бул киши өлтүрүү өч алуу максатында жасалган, анткени Алмазбек Сулайманов 1998-жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Имангазы Шамиевди мыкаачылык менен өлтүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости