www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Учурда банк системасынын ролу кандай?

- Базар мамилелери менен байланышкан экономикада банк системасы үч ролду ойнойт. Биринчиден, коммерциялык банктардын жакшы өнүккөн структурасы төлөм системасын башкарат.

Экинчиден, башка каржы ортомчулары менен бирге банктар калктын аманаттарын фирмаларга жана бизнес ишканаларына жумшайт. Акча каражаттарын инвестициялоо ишинин эффективдүүлүгү көбүнчө банк тутумунун каражаттарды оптималдуу колдонуу жолдорун тапкан карыз алуучуларга багыттоо жөндөмүнө көз каранды.

Ал эми үчүнчүдөн, коммерциялык банктар Улуттук банктын акча-кредит саясатына ылайык иш алып барып, белгилүү бир экономикалык системада жүгүртүүдөгү акчанын көлөмүн жөнгө салат. Акча массасынын туруктуу жана орточо өсүшү баалардын бир калыптагы деңгээлин сактоо кепилдиги болуп саналат, ага жеткенде рыноктук мамилелер экономикалык системага эң эффективдүү жана пайдалуу түрдө таасир этет.

- Кымбатчылык эмненин таасиринде болууда?

- Эгер экспорттун көлөмү, мигранттардан келген акча жана башка тыштан келген каражаттар көбөйбөсө, анда кыргыз сомунун куну түшүп кетет. Биздин кирешебиздин 1/4 бөлүгү алтындан келчү. Биз тез арада бизнеске көмөктөшпөсөк, анда жашоо кымбаттай берет.

- Улуттук банктын жетекчилигинин алмашуусу тууралуу кандай ойдосуң?

- Эч кандай өзгөчө ойлор жок. Экономика кыйналып турган мезгилде кетти. Кептин баары жетекчиде эмес, алар жасаган ишинде да. Кредиттер мурун кандай кымбат болсо, азыр деле ошондой боло берет. Банкирлер баарынан мурун экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө көмөктөшсө болмок.

Булак: Азия News гезити

Последние новости