www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1). Идеалдуу маалымат-жыйыны болду дешке болбойт.

2). Эгер анын идеалдуулугу "журналисттерди иргебей бүт баарын чакырышты,мурда мындай шумдук болгон эмес эле.." деген критерий менен өлчөнчү болсо, бул -тигил же бул тараптын "шумдугу" эмес, бул демократиялык делинген өлкөлөрдө милдеттүү түрдө болчу, эч ким таң калбачу кадыресе стандарт гана.

3). Жээнбеков экс-ажонун кол куурчагы эмес экенин, өз алдынча саясат жүргүзө алган эрки бар башчы экенин бүгүнкү маалымат жыйынындагы жоопторунан дагы бир ирет тастыктады; бирок бул көрүнүш да азыркы ажонун "баатырдыгы" же "эрдиги" катары сүрөттөлбөшү керек, анткени эл тарабынан шайланган президент ансыз деле сахна артынан же көлөкөдөн ким бирөө тарабынан башкарылбоого тийиш.

4). Учурдагы президент сөздөрдү гүлгө ороп, парламенттеги депутаттардын, өкмөттөгүлөрдүн, оппоненттеринин, карапайым элдин көңүл борборундагы "точкелерди" таап сүйлөп, макал-лакап, икаялардан себелеп акырында элди элжиретип ээриткен публикалык -ОРАТОРДУК шыгы жогураак экенин тастыктады.

5). Атамбаевге окшоп каалаган учурда каалагандай сөз калчап, популисттик кылычты онго-солго орой чаап, публикага ушак-чыны аралашкан ала мышыкты ыргытып ийип кээсин күлдүргөн, жылмайткан, тан калтырган, баш чайкаткан, сөгүндүргөн, ачууланткан стилден алыс экенин көрсөттү;

6). Кандай курч суроолор берилген чакта деле президенттин: "..көрөбүз, карайбыз, иликтеп чыгып жооп берейин" деп, блокнотуна бирдемелерди жазып алганы - драйв кубалап, сайтына, гезитине, телесине, радиосуна мурда-кийин эч ким уга элек, көрө элек сенсация издеген журналисттердин ышкысын анча канааттандырбаганы менен, ар кадамына олуттуу мамиле жасай турганынан кабар бергенсийт. Кеп эми чын эле жазып алган суроолорду "карап", "көрүп", "ойлонуп" аны оң жакка чече алаарында.

7). Элдин баарын куштарлантып кол чаптырган маалымат жыйын болгон чакта деле, же андай денгээлге жетпей калган чакта деле,.. мейли анын маалымат жыйыны ак мышык же кара мышык деп атала берсин, акыр аягында чычкан алып берсе болду эле... Саналуу убакыттан кийин элде "реформа башталды окшойт ыя?..." деген реалдуу таңдануулар боло баштаса, ошол баарыбыздын, баарыбыз жашаган өлкөнүн утушу. Андай болбой калса,..мына ошондо даана куурадык да, куурадык..

P.S. Бул менин жаран катары субьективдуу пикирим. Менин оюм менен макул эмес көз караштар да бардыгына , балким алардын да чындыгы болушу ыктымал экенине кошулам, мен өз оюмду "туура" деп эсептеген сыяктуу эле башка да өз оюн туура көргөн адамдардын позициясын сыйлайм. 

Эрнис Кыязов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости