www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш 20-декабрда Майып адамдардын укуктарына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) конвенциясын ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору карайт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, 5-ноябрда аны Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети жактырган.
БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган бул конвенция 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Кыргызстан документке 2011-жылы кол койгон, бирок андан бери парламент ратификациядан өткөрө элек болчу.
Конвенциянын башкы максаты - майып адамдардын укуктарын коргоо. Эгер парламент аны ратификацияласа, бийлик майыптардын бардык тармактарда иштешине, жараяндарга катышуусуна шарт түзүшү керек. Өкмөт аны ишке ашыруунун каржылык себептерине такап, 2011-жылдан бери документти парламентке сунуш кылбай келген.
Расмий маалыматтарга ылайык, ушу тапта Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Буга чейин өлкөдө 177 миң майып адам бар экени, анын 29 миңи балдар экени айтылып келген. Мекеме-ишканаларда, коомдук автоунааларда майыптарга шарт жоктугу эл арасында сындалып келет.
Булак: NazarNews.kg