www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондордун, айкелин мазактаганга шектүү деп эки өспүрүм кыздар кармалды.
Бул тууралуу Чүй облусунун ШИИБнин маалымат кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, “Вандализм” боюнча тиркелген.
Тергөө иштеринен кийин Жаңы-Жер айылындагы мектептердин биринде окуган, сегизинчи класстын эки өспүрүм кызы экени аныкталган. Шектелген кыздар ата-энелери менен кошо, Сокулук районунун милиция бөлүмүнө кылган иштерин түшүндүрүп берүү үчүн жеткирилген.
Айыл өкмөттөн билдиришкендей, эстеликтеги бардык жазуулар тазаланган.
Эске салсак, Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондордун айкелине белгисиз бирөөлөр мазактаган сөздөрдү жазып кетишкен. Буга жергиликтүү тургундар нааразы болуп, айыл өкмөткө арызданышкан.
Булак: NazarNews.kg