www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирландиялык  UFC мушкери Конор Макгрегор “жыгылган күрөшкө тойбойт” деген макалды дагы бир ирет тастыктады.

Айтайын дегенибиз ал 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов менен беттешип, андан жеңилип калган. Эми кайрадан  спортко кайткандыгын жарыялап:“Менден Нурмагомедов коркот жана реваншты каалабайт”,- деп айтты.
Бул тууралуу  MMA Fighting билдирди.

 Макгрегордун айтымында аралаш мушташтын бардык күйөрмандары Макгрегор менен Хабибдин беттешүүсүн дагы бир жолу көргүлөрү келет. Беттешүүнү бир гана адам каалабайт, ал Хабиб.

“Бул мушташты UFCнин жетекчилиги да, биз да каалайбыз. Хабиб менден коркуп, калтырайт. Канча убакыт жашынса да, менден качып кутула албайт.  Бул мушташты күтөм”,-деп билдирген ирландиялык мушкер.

Эске сала кетсек, Конор Макгрегор 2018-жылдын 6-октябрында UFC 229 турниринин жеңил салмак категориясынын алкагында акыркы беттешин өткөрүп, Хабиб Нурмагомедовдон жеңилип калган. Эми Конор журналисттерге берген ар бир маегинде реваншка суусап жатканын айтып келет. 

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 18-январында ирландиялык спортчу  америкалык Дональд Серроне менен Лас-Вегаста жолугат. Ал эми Хабиб Нурмагомедов UFCинин чемпиондук титулун коргоо үчүн 2020-жылы 19-апрелде Тони Фергюсон менен күч сынашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости