www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул аптада Эстония лидери Керсти Кальюлайд 50 жашка чыкты. Бир катар өлкөлөрдүн элчиликтеринен юбилейине арналган белектерди кабыл алды. 

Кызыгы алардын катарында Орусиянын элчилиги берген белектердин ичинен крымдык шарапты алуудан баш тартыптыр. Бул туурасында Орусиянын Эстониядагы элчилиги тараткан маалыматта, “Биз тараптан берилген башка белектер кабыл алынды. Бирок, Крым шарабы комментарийсиз кайтарылып берилген”, -деп айтылат.

Белгилей кетсек,  Керсти Кальюлайд Эстониянын президенттик  постун 2016-жылдан тарта ээлеп келет. Ал  2019-жылдын апрель айында Москвага биринчи жолу иш сапары менен келген. Ал эми ноябрь айында Кальюлайт орустарга карата, «эң татаал өнөктөш» деген мүнөздөмө берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости