www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандай эркек менен жашоо коркунучтуу жана татыксыз?

Мектепке чейинки билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жооданбеков Фейсбуктагы өз баракчасынан кыз-келиндерге кандай эркек менен жашоо керектиги тууралуу өз кайрылуусун жолдоду:

-- эгер эркек дайыма өзүнүкүн гана туура деп турса;

-- акылына эмес, күчүнө басым жасаса;

-- күнөөнү өзүнөн эмес, башкалардан издесе;

-- дини, түшүнүгү, дүйнө таанымы башка адамдарды “душман” деп эсептесе;

-- көңүлү түшүп турганда балдарына, жубайына, өзүнүн карамагындагыларга себепсиз кыйкырса, урса жана бул жагдай тез-тез болуп турса;

-- себепсиз эле туталанып, ачуулана берсе;

-- “сен менин аялымсың, менин айтканымды гана кыласың” десе;

-- изденбесе, үй-бүлөнү татыктуу бакканга аракет кылбаса;

-- өзүнөн күчтүүгө кошомат кылып, ал эми алсызга арстан болсо;

-- өзүм билемдикке салып, жубайын, балдарын мажбурласа;

-- өзүнө талап койбостон кол алдындагыларга гана талап койсо;

-- калп айтса, уурулук кылса, башкалардын акысын жесе;

-- жубайын ала качып алган болсо;

-- өзүнүн билими жок болуп, билимдүүлөрдү көрө албаса, жек көрсө;

-- үй-бүлөлүк турмушуна башкалардын кийлигишүүсүнө жол берсе;

-- ачуусу келгенде жексур болсо, аябаса, өзүн токтото албаса;

-- фанат (диний), ичкич, баңги, кумарпоз болсо, мындай эркек менен жашоо коркунучтуу. Тозок. Менин оюмча, мындай эркек балдардын атасы, өмүрлүк жолдош болууга татыксыз. Кыздар, келиндер! Силер өз тагдырыңардын кожоюнусуңар. Билим алгыла, өнүккүлө. Үй-бүлө куруу үчүн гана эмес, бактылуу болуу, өз мүмкүнчүлүктөрүңөрдү ишке ашыруу үчүн жашагыла!

"Азия Ньюс"

Последние новости