www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы курулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка караганда бүгүн, 10-январда президент Сооронбай Жээнбеков  аталган эс алуу жайын курууга капсула салып, аземге катышкан. Буга чейин паркты куруу боюнча макулдашуу 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында, 2019-жылы Баку шаарында болуп өткөн Түрк саммитинин алкагында эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген.  Аталган парк эки элдин ортосундагы чыныгы достуктун символу болуп калуу максатында курууда. 

Белгилей кетсек, парк Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин 2020-жылы Кыргызстанга боло турчу расмий визитинин алкагында ачылары белгиленди. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын жана Азербайжандын Достук паркы 5,5 гектар аянтка жайгашат. Башка инфраструктуралардан тышкары бул жерге фонтандар, бассейндер, ачык амфитеатр, балдар аянтчалары орнотулат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости