www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны чет мамлекетте бергенде негизги ролду ойногон Токтокүчүк Мамытов ойгонду. Кой-Таш окуясында кээ бирөө мамлекетти элге жаман көрсөтүү аракеттерин жасашкан жана мамлекетте төңкөрүш жасаганга аракет кылышкан, элдин тынчын алышкан, булардын күнөөлөрү бар, эми күнөөбүз жок деп жанын жеп жатышат. Баарынан да кызыгы ошол 7-8 август күнү Акыйкатчы эмне иш аткарды деп суроо салган киши жок. Акыйкатчы Токон Мамытовдун кызматы ошол 7-8 август күнү эле.
Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 12-сентябрда акыйкатчы Токон Мамытов Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган мурдагы президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов жана дагы үч киши менен жолугуп чыкты: “Фарид Ниязов жана башкаларга жолуктум. Шарты боюнча арызданышкан жок. Бирок, «мен курал кармаган эмесмин, эч кимди сабаган жокмун, ак жеримден отурам» деп жатышат”.деди.
Акыйкатчы Токон Мамытов жана Акыйкатчы институтунун карамагында түзүлгөн комиссия Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жабыр тарткан жергиликтүү тургундарды кабыл алып, окуя тууралуу маалыматтын укту.
Кой-Ташта мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg