www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Боло берет турмушта, особенно кыргызда” – деген сөз бар эл арасында.

Чындыгында, эл кайдан алмак эле мындай сөздөрдү? Турмуштан алат да. Дегенибиз, жакында мамлекеттик бажы кызматына жаңы жетекчилер дайындалды. Алардын бири Замирбек Карашев. Буга чейин ал “Северная” темир жол бажысынын, андан кийин “Манас” бажысынын жетекчиси болгон.

Эми эң кызыгы, жанагы “боло берет баары да” дегендин далили. Экинчи дайындоо боюнча мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп буга чейин “Северная” бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болгон Элнура Мамбетжунушева бекитилди. Ал ким? Элнура Мамбетжунушева буга чейин 2018-жылдын 4-декабрында экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (финпол) тарабынан кармалган болчу. Бирок, анда иштин толук чоо-жайы айтылган эмес, бажы төлөмү төлөндү деген жасалма документтерди берген деп айыпталганы гана айтылган. Андан кийин бул иш кантип аяктаганы тууралуу маалыматтар да айтылган эмес. Айла жок, “боло берет турмушта особенно кыргызда”  деп гана отуруп каласың...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости