www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Асейин Саралаев Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев тууралуу китеп жазып баштады. Мындай маалыматты ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.
Эки ай бою Курманбек Бакиев агабыз президент болгон 2005-2010-жылдардын кучагында жашадым... Анткени ушул жылдар аралыгында мен өлкөбүздөгү коомдук иштерге жана саясий кыймылдарга активдүү катышкан болчумун. Өзүмдүн күндөлүк катары жазып жүргөн эскерүүлөрүмдү дагы чогултуп кайрадан талдап чыктым. Ошол жылдардагы менин жүрөгүмдөн өткөн окуялардын ар бириндеги жалган менен чындыктын чек арасынан ары-бери өтүп көрдүм. Өзгөчө Атамбаев доорундагы Бакиевдерге болгон тынымсыз каралоолорду өзүм жашап өткөн күндөр менен салыштырып, ошол кездеги басылмалардан, экономикалык көрсөткүчтөрдөн, коңшу элдердеги көз караштардан, архивдик материалдардан жана ар кыл тармактагы каармандарымдын сөздөрүнөн чындык тапканга аракет кылдым. Ошол кездеги криминалдык дүйнөнүн бийликке жулунушу, тынымсыз митинг-пикеттер, жарандык коомдун болуп көрбөгөндөй активдүү болушунан баштап. жарыктын өчүрүлүшү менен апрель козголоңу сыяктуу өлкөбүздө болуп өткөн суроосу көп окуяларга жалпак тил менен жооп тапканга аракет кылдым.
Менин ошол кездердеги коомдук-саясий иштерге аралашып калганым 2005-жылы президентибиз Курманбек Бакиевге арнап жазган "Досума кат" деген эссенин айланасында башталыптыр.
Мына эми Алматы шаарындагы атактуу Көк-Дөбөнүн (Көк-Төбе) чокусунан "бысмылда" деп "Жалган жана Чындык" деген китебимдин алгачкы тамгаларын түшүрдүм. Ушул атактуу дөбөдөн миллиондогон тагдыр аралап жүргөн шаарды, учу-кыйры жок созулуп жаткан кең талааларды жана мөңгүсү ак калпактай жаркырап турган Ала-Тоону карап бир топ ырларды, аңгемелерди жазып башка тилдерден котормолорду даярдап жүргөн бир менчик жерим бар. Ошол арчанын түбүндөгү кароол ташым азыр да бар. Кудай буюрса китебимди ак кагаздарга иреттеп жазып алсам анан толуктап, бышыктап, грамматикасын тизгиндеп, компьютерден жазып улантам. Бир топ жылдан бери жүрөгүмдө турган китепти экс-президентибиз Курманбек Бакиевдин ушул жылы болгон 70 жылдык мааракесине арнагым келди. Курманбек Салиевичге Аллахым (жж) аманчылык берсин!
Эмне демекчимин, Көк-Төбеге келип калгандар болсо чоң дептер көтөрүп жүргөн мени көрүп калсаңыздар таң калбай эле коюңуздар. Эң башкысы баштап алдым..., -деп жазган Асейин Саралаев.
Булак: NazarNews.kg