www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 21-октябрында өзүнүн салттан тышкаркы сексуалдык аракеттерин мойнуна алган түркмөнстандык жигит дайынсыз жоголду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар маалымат таратышты.
Андагы айтылгандарга карасак, ал баланын аты-жөнү Касымберди Гараев жана ал кардиология клиникалык илимий борбордо дарыгер болуп иштеп келген.
Өткөн апта этеги, тагыраагы, 24-октябрда жергиликтүү полиция Касымбердини өзүнө чакырып, андан үч ата муунун тактап сураган. Бул - Түркмөнстандын «үч-арка» деген формулярды толтуруу мыйзамы. Ал эми жергиликтүү журналисттердин айтымында, Түркмөнстанда буга чейин саясий мотивдер менен кармалган адамдардын үй-бүлөсүн өзү менен кошо башка жактарга көчүрүп жиберчү көрүнүштөр болуп келет.
Муну тиги “көгүш” билген окшобойбу, ошого ал жоголоор алдында атайын видеокайрылуу жасап кеткен.
Анда ал өзүнүн үй-бүлөсүнө көйгөй жаратканы үчүн кечирим сурайт.
Булак: NazarNews.kg