www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баягы эле Американын 48-штаты катары саналаган Аризона шаарында жашаган 92 жаштагы кемпир өз уулу аны карылар үйүнө өткөрөйүн деп жүргөнүн билип, аны өз колу менен атып салды.
Анна Блессинг өзү жарык дүйнөгө алып келген баласынын кантип мындай кадамга барганы жатканын ойлоп, кайгыга батат.
Натыйжада ал дүйшөмбү күнү эрте менен халатынын чөнтөгүнө эки тапанча салып барып уулу менен жолугат. Кары аял баласы ок атууга ыңгайлуу аралыкка жакындаганда, чөнтөгүндөгү тапанчасын алып уулун атып салган. Өзүн карылар үйүнө өткөрмөкчү болгон уулун өлтүргөндөн кийин, ал уулунун дос кызына да тапанча такаган. Бирок, кыз кемпирдин колундагы куралды алып үлгүргөн.
Бир өлүмдөн аман калган кыз полицияга телефон чалып, болгон окуяны айтып берген. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери кемпирди дароо кармап, камакка алат. Ал адам өлтүргөнү үчүн айыпталууда.