www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда электрондук паспорт даярдоо боюнча тендерде жеңип чыккан литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы маселе оң жагына чечилбесе, эл аралык арбитражга кайрыла турганын дагы бир жолу эскертти.
Ишкана буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин атына чырды тынч жол менен чечүү ниетин билдирип кат жибергенин, бирок ушуга чейин эч кандай жооп болбой жатканын кабарлады.
«Гарсу Пасаулистун» катында, аталган компания кыргыз өкмөтүнүн позициясын күтүп жатканы, эгерде маселе сүйлөшүү жолу менен тезирээк чечилбесе, алар эл аралык арбитражга кайрылууга аргасыз болоору жазылган.
Ишкананын кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Бактыбек Жумашев «Азаттыкка» «Гарсу Пасаулистун» каты тууралуу комментарий берди.
- «Гарсу Пасаулис» жайында өкмөткө бир кат берген. Ага жооп болгон жок. Азыркысы болсо экинчи кат. Бул кат менен компания «биз сүйлөшүп, сотсуз эле маселени чечишкенге даярбыз. Бизди канааттандыра турган чечим кабыл алынса, эл аралык арбитражга кайрылбайбыз» деп жатат, - деди Жумашев.
«Гарсу Пасаулис» компаниясы Кыргызстандын үстүнөн Эл аралык арбитражга кайрыларын май айында да билдирген. Литвалык компания кыргыз өкмөтүнөн түздөн-түз алынбай калган киреше боюнча 12 млн. евро, ал эми ишкердик аброюна шек келтирилгени үчүн 50 млн. евро доолай турганы боюнча да сөз болгон.
Өкмөт «Гарсу Пасаулис» менен чырды тынч жол менен жөнгө салууну көздөй турганын жарыялаган.
Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.
УКМК тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулистун» утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.
Германиялык компаниянын арызынын негизинде Бишкектин район аралык соту май айынын этегинде талашты карап, «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган.
Бирок сентябрда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү өзгөртүп, литвалык компаниянын пайдасына чечим кабыл алган.
Булак: NazarNews.kg