www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аракети менен жана “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун каржылыгы астында Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген  жарандардын башын бириктирген коом мүчөлөрү үчүн жаңы имараттын курулушу башталды. Бул тууралуу министр Улукбек Кочкоров өзү соцтармактагы баракчасы аркылуу маалымат таратты.
- Мындан туура бир жыл мурда, мен жаңыдан министрлик кызматка келгенде Сокулуктагы жаш майыптардын башын бириктирген коомдун жашоо-шарты менен таанышкан элем. Энчиленген тагдырына каниет кылып, бирөөгө оордугун артпай, эркектери жыгач усталыкка, кыздары тикмечиликке окуп, иштеп жатышат. Чындыгында, жашоо-шарттары начар, жаңы имаратка муктаж эле. Көп жылдан берки көйгөй “Ассанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан чечиле турган болду. Учурда окуп-иштеп жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген 30 жыгач устага, 15 тикмечиге жашап-иштегенге 3 кабат имараттын курулушу башталды.
Буга удаа дагы бир саамалыкты баса белгилегим келет. Курулушу башталган жерге кошуна турган ишкер жигит, Алай районун кулуну Жусупов Улан өзүнүн 2 кабат үйүн мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга белек кылды. “Тээ алыскы араб өлкөлөрүнөн келип кайрымдуулук кылып жатса, кошуна туруп кантип майыптарга кол сунуп, жардам бере албайм” деп, көпчүлүктүн жүрөгүн жылытты. Эч кимге айтпай, бирөөгө милдет кылбай, элге жарыялабай жөн гана жыл сайын 3 млн. сомдук кайрымдуулук, соопчулук иштерин атуулдук милдети катары жасап келе жаткан бул инсан чындыгында баарыбыз үчүн өрнөк. Мени сүйүндүргөнү – мына ушундай ыйманы бийик, жүрөгү таза инсандардын катары көбөйүп жаткандыгы, - деп жазат анда министр Улукбек Кочкоров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости