www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөткө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги тарабынан адамга каршы олуттуу кылмыш жасап, жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткандарга көзөмөл жок деп ИИМдин басма сөз кызматы билдирген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, учурда аэропорттогу таксистин өлүмүнө шектелүүчү 2014-жылы Кемин райондук соту тарабынан 9 жылга соттолгон Б.Ч.А менен Чүй облусунун соту тарабынан 2012-жылы 12 жыл 6 айга соттолгон И.А.М. жазаларды аткаруу кызматынын жатак абагында жазасын өтөп жатышкан.  Ведомстводон билдиргендей, соттолуучулар 2018-жылы Москва райондук сотунун чечими менен катуу режиминен жатак абагына которулган.

“Соттолгон адам жатак абагына которулганда, жашаган жери боюнча каттоого турганда гана өз алдынча иштегенге уруксат берилет. Аймактык милиция справка берет. Ошондон улам соттолгон адамды көзөмөлдөө аймактык милиция тарабынан жүрүш керек”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, жазаларды аткаруу кызматы бул факт боюнча кызматтык иликтөө дайындалганын жана иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кылмышкерлерге каршы тийиштүү чара көрүлөрүн баса белгиледи.

Последние новости