www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турмушка чыкканыма алты айдын жүзү болду. Баардык нерсе нике түнүбүздөн башталды. Жүрөктү оорутnу. Нике түндөн соң жакпай калганымды айтты. Андан бери жашаганыбызга алты айдын жүзү болду. Мамилебиз ысыбай эле күн санап муздап баратат. «Кош бойлуу болуп калсам баары унутулабы?» дедим. Кош бойлуу да боло албадым.

Эми биздин дүңгүрөгөн үйлөнүү тоюбуз эмне болот? Күн санап муздап баратабыз. Кайын журтум карегим менен тең айланып, «экөө жашап кетсе, балалуу болушса» деген жакшы тилектери бар. Мен да жакшы келин болуп, аларды кубандыргым келет.

Бирок күйөөмдүн мамилеси дене-бойду ичиркентет. "Уят" гана мени бул үйдө кармап турат. Эми болсо «Москвага кетем» деп чамынып алды. Мындан аркы жашообуз кандай болот?

Кандай кадамга барарымды билбей кыйналал кеттим...

Булак: "Азия Ньюс"
 

Последние новости