www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Жусупжан мырза, «Алмазбек Атамбаев камалышы керекпи?» деген маселе азыр коомчулукта катуу талкууланып жатат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

– «Камалышы керек»деп кыйкыра берген болбойт. Эгер айыбы болсо, укук коргоо органдары мыйзамдуу түрдө тастыктаса, мыйзам астында Кыргызстандын жараны катары жооп берүүсү керек.

– Бирок, анын тегерегиндегилер түгөл коррупцияга батып, четинен камалып атышпайбы…

– Эми аны ким билет, колунан кармап албагандан кийин «ууру» деп айтуу кыйын. Бирок жака-белиндеги ошол жаш жигиттердин убалына калды деп айткым бар. Ошол жигит-кыздарыбызды иштеп турганда «ай, тарт тизгининди!» деп туура жолго баштаганда болмок. Тилекке каршы, «билгениңерди кыла бергиле» дегендей бош койду. Анын тыянагы жаман болуп турганы жана Алмаздын аты да булганып турганы анык. Кандай болгондо да мыйзамдуу болушу шарт…

– Экөөңүздөр бир кезде ынак дос элеңиздер. Кийин мамилеңиздер бир аз сууп кеткен. Азырчы?

– Туура, мамилебиз түз болчу, мен кек сактабайм, азыр деле жолугуп калсак түз эле саламдашабыз. Кыргызда айтылат эмеспи, «эр чекишпесе, бекишпейт»деп…

Керим Мурас

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости