www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Йемендеги «Ансар Аллах» кыймылынын хуситтери Сауд Аравиясынын бир катар объектилерине сокку урганын билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Эр-Рияддагы Король Халид эл аралык аэропортуна жана Рабиг шаарындагы Saudi Aramco мунай иштетүүчү заводуна ракеталар жана дрондор менен чабуул жасалган. Ошондой эле Абха аэропорту, Хамис-Мушайттагы авиабаза жана Наджран менен Жизандагы айрым объектилер бутага алынганы айтылды.
Хуситтер Сауд Аравиясынын аба мейкиндигин «согуш аракеттеринин аймагы» деп жарыялап, эл аралык авиакомпанияларды падышалыктын аймагынан учуудан баш тартууга чакырышты.
Маалымат ТАСС агенттигине таянуу менен берилди.