www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда жаратылышты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюу максатында рейд өткөрүлдү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери чек ара кызматынын 2025 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн рейд учурунда Ак-Сай-Арпа жайлоосунун «Сөөк» участкасынан уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал алып жүргөн жаран аныкталды.
Аталган факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, жаранга жаратылышты жана жапайы жаныбарларды коргоо, ошондой эле мыйзамсыз аңчылыкка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Министрликтин маалыматына караганда, ок атуучу куралга тиешелүү уруксат берүүчү документтери болбогондугуна байланыштуу жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Министрлик жарандарды аңчылык жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана жаратылышты коргоо талаптарын сактоого чакырат.